ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Адам укуктары
Кеңсе Кыргызстанда адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин активдүү илгерилетүү менен алектенет. Бул мамлекеттик мекемелер менен жарандык коомдун ортосундагы координацияны диний сабырдуулукту, светтик билим алууну жана конфессиялар аралык диалогду илгерилетүү максатында жакшыртуу ишин камтыйт.
Кеңсе ошондой эле кыйноолорду болтурбоо боюнча да иш алпарат. Буга байланыштуу ал кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча жарандык уюмдардын түйүнүн, муну менен бирге эле жабык жана жарым-жартылай жабык объектилерге көз салган адам укуктары боюнча улуттук уюмдарды техникалык жана эксперттик жактан колдоону камсыздайт. Ошол эле учурда укук коргоо органдары кыйноо колдонулган учурларды иликтөө механизмдерин өнүктүрүү жана кыйноолорго каршы күрөшүү үчүн эл аралык стандарттар менен таанышуу боюнча жардам алышат. Кеңсе БУУнун Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө пактын, ошондой эле БУУнун тийиштүү Комитети тарабынан даректүү өлкөлөр үчүн даярдалган сунуштамаларды толугу менен ишке ашырууга көмөктөшөт. Буга байланыштуу Кеңсе жарандык коомдун даректүү өлкөлөрдүн Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоосун илгерилетүү жана колдоо боюнча демилгелерин колдоого алат. Ошондой эле деңгээлде Кыргызстандын жаштарын экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө маалымдоо боюнча ишмердүүлүк камсыздалат.