ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Экономикалык ишмердүүлүк
2000-жылдардын аягында Кыргызстан республиканын инвестициялык жана бизнес-климатын жакшыртуу боюнча бир катар регулятивдик реформаларды ишке ашыруу менен алектенген. КР Өкмөтүнө натыйжалуу реформаларды ишке ашырууга жардам берүү максатында Кеңсе чарбалык ишмердүүлүктү “Регулятордук гильотина” механизми аркылуу жөнгө салган укуктук базаны жөнөкөйлөтүү боюнча долбоорду ишке ашырган. Бул долбоордун максаты – коррупция менен күрөшүү, ашыкча регулятивдик тоскоолдуктар менен укуктук так эместиктерди четтетүү жолу менен коммерциялык секторду кайрадан өзгөртүү болуп саналат. Эл аралык рыноктогу сооданын өнүгүүсүнө көмөктөшүү үчүн Кеңсе даректүү өлкөнүн сканерлөөчү жабдууну колдонуусун кеңейтүүнүн эсебинен бажылык кароо жол-жоболорунун жарактуулугун жакшыртуунун үстүндө иш алпарат. Андан тышкары, Кеңсе Мамлекеттик бажы кызматы менен транчектик соода жаатында Кыргызстан менен Афганистандын бажыканаларында иштеген кызматкерлердин дараметин жогорулатууга багытталган бир катар окуу модулдарын колдоо жолу аркылуу да кызматташат.