ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Терроризмге каршы туруу
Кеңсе КР Өкмөтүнүн зомбулуктуу экстремизм жана терроризмге алып келген радикалдашуу (VERLT) менен күрөшүн күчөтүүгө көмөктөшөт. Кеңсе жаштардын аталган коркунучка каршы туруудагы ролун моюндайт жана жаштарды жаңжалдарды болтурбоонун жана жөнгө салуунун аркасында өзгөрүүлөрдү демилгелөө мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздайт. Кеңсе Борбордук Азиянын беш мамлекетиндеги жаштар түйүнүнө терроризм коркунучуна каршы туруу жаатында кызматташуу жана алдыңкы тажрыйбага ээ болуу, ошондой эле бул көйгөй туурасында маалымдуулукту жогорулатуу максатында колдоо көрсөтөт.