ЕККУ жаш кыздарды лидерлик жана аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусуна үйрөтүүдө
БИШКЕК, 2024-жылдын 22-майы – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ЮНИСЕФ жана Жарандык билим берүү борбору менен өнөктөштүктө 60 кызды окутууга жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган эки күндүк тренинг аяктады.
Катышуучулар аялдардын лидерлиги жана аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу, мамлекеттик башкаруу, мыйзам үстөмдүгү, жарандык активдүүлүк жана шайлоо укугу сыяктуу темаларды изилдешти. Иш-чаранын маанилүү учурларынын бири шайлоо симуляциясы болду. Симуляцияда кыздар шайлоого катышууда практикалык тажрыйба алышты. Кыздар өздөрүнүн жамааттарын өнүктүрүүгө активдүү салым кошууга жардам бере турган билим жана тажрыйбага ээ болушту.
«Бул тренинг кыздарды өз коомчулугуна жана андан тышкаркы аймактарга жигердүү катышуу үчүн зарыл болгон билимге жана ишенимге ээ кылууда маанилүү кадам болуп саналат», - деди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
«Биз жаш кыздарга өзгөчө маани берип, жаштардын потенциалын жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү боюнча жигердүү иштерди улантабыз», - деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин демократиялык институттар боюнча кеңешчиси Жаннат Соронбаева айым.
«Биз жаш кыздардын лидерлик жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жана алардын чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышуусу жаркын, инклюзивдүү келечекке болгон инвестиция экендигине ишенебиз», - деп бөлүштү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин мыйзам үстөмдүгү боюнча кеңешчиси Бермет Акимканова айым.
Бишкектин тегерегиндеги жаңы курулуш райондордогу жогорку класстарынын окуучулары үчүн тренингдердин сериясынын бир бөлүгү болгон бул тренинг Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда өткөрүлдү. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасында гендердик теңчилик жана жарандык билим берүү маселелерин алдыга жылдырууга бекем умтулат.