ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Гендердик тең укуктуулук
Кеңсе Кыргызстандын Гендердик тең укуктуулукка жетүү боюнча стратегиясын колдоо максатында өлкөдөгү өзөктүү тараптар менен кызматташат, коомчулукту коопсуздуктун гендердик аспектилери жөнүндө маалымдоого жана эркектердин БУУнун Адам укуктарын коргоо боюнча механизмдеринде чагылдырылган сунуштамаларга ылайык гендердик тең укуктуулукту илгерилетүү процессине катышуусуна көмөктөшөт. Андан тышкары, гендердик зомбулуктун курмандыктары үчүн Аялдардын демилгелүү топтору түйүнүнө колдоо көрсөтөт жана коомдоштуктарда жардам сурап кайрылуу механизмдерин, парламент менен милициянын ортосундагы механизмдерди түзүүгө жардамдашат.
Андан тышкары, Кеңсе аялдардын, өзгөчө – айыл жергесиндеги аялдардын экономикалык ишмердүүлүккө катышуусун илгерилетүү боюнча окуу семинарларын өткөрүп турат. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандык коомдун үй-бүлөлүк зомбулук, кыз ала качуу жана эрте никеге тургузуу, ошондой эле курмандыктарга олуттуу колдоо көрсөтүү маселелери боюнча демилгелери Кеңсенин ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Кеңсе коопсуздук жаатындагы гендердик аспектилердин, бардык укук коргоо органдарындагы аял-адистерди колдоонун маанисин баса белгилейт. Бул максатта Кеңсе Кыргыз аял милиционерлер ассоциациясын (КАМА) жана Кыргыз коопсуздук чөйрөсүнүн аялдарынын ассоциациясын (ККЧАА) коопсуздук чөйрөсүн жөнгө салуудагы аялдардын ролун илгерилетүү максатында колдоого алат.