Кыргызстанда болуп өткөн Эл аралык конференция конфессиялар аралык тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө салым кошууда
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Бишкектеги Программалык кеңсенин колдоосу менен “Кыргызстан – конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү” аттуу эл аралык конференциясын өткөрдү. Конференция актуалдуу диний маселелер жана конфессиялар аралык ынтымак боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган.
Конференцияга 20дан ашык өлкөдөн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, диний лидерлер жана эксперттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар дин менен мамлекеттин мамилеси, дин менен экономиканын кесилиши, коомдогу туруктуулукту камсыз кылуу жолдору сыяктуу бир катар маанилүү темаларды талкуулашты. Бул талкуулар диний динамиканы терең түшүнүүгө көмөктөшөт жана радикализмдин алдын алуу боюнча стратегияларды иштеп чыгууга жардам берет.
Конференциянын жыйынтыгы Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк масштабда конфессиялар аралык өз ара түшүнүшүүнү, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө туруктуу таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүгө өзүнүн умтулуусун ырастайт жана жыл сайын бул эл аралык конференцияга колдоо көрсөтүп келет.