ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Шайлоолор
Шайлоо процесстеринин демократиялуулугун андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн Кеңсе Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жана башка компетенттүү улуттук мамлекеттик органдар менен активдүү кызматташат. Кеңсе Мамлекеттик каттоо кызматы менен анын шайлоо тутумун реформалоонун техникалык экспертизасын өткөрүүдөгү дараметин жогорулатуу максатында кызматташат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Кеңсе улуттук жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн шайлоо өткөрүүнүн эл аралык стандарттары жана жол-жоболору боюнча окуу курстарын, ошондой эле шайлоочулардын добушун сатып алууну болтурбоо маселелери боюнча семинарларды өткөрөт. Кеңсе шайлоочулардын шайлоо укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатат жана жалпы улуттук, жергиликтүү деңгээлде шайлоолордун ачык-айкындуулугуна көз салган бейөкмөт уюмдарын колдойт. Ал ошондой эле мамлекеттик органдарга шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртуу, өлкөдөгү негизги коомдук кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн зарыл болгон калкты каттоонун бирдиктүү реестрин түзүү жана маалыматтарды, анын ичинде биометрикалык маалыматтарды да коргоону жакшыртуу маселелери боюнча кеп-кеңеш берет. Ошондой эле Кеңсе шайлоочулардын портфелинин алкагында болушунча көбүрөөк сандагы жаштар менен майыптардын парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин ишине тартылуусун илгерилетүүнүн үстүндө иш алпарат.