ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ишмердүүлүк
Кеңсе КР Өкмөтүнө курчап турган айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна жана табигый кырсыктардын болуу тобокелдиктерин азайтууга байланышкан маселелерди чечүүгө жардам берүүгө басым жасайт. Анын ичинде, Кеңсе Орхусс ковенциясын ишке ашырууга көмөктөшүп, мамлекеттик кызматкерлер менен жарандык коомдун ортосунда билим, ресурстар жана тажрыйба алмашуу боюнча форумдарды уюштурууну колдоо аркылуу жашыл экономиканы жайылтууга жардам берет. Кеңсе ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматтык башкаруу, телекоммуникациялар жана геомаалыматтык технологиялар жаатындагы тийиштүү компетенттүүлүгүн камсыздоонун үстүндө да иш алпарат. Анын үстүнө Кеңсе Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы суу ресурстарын башкаруу маселелери боюнча, мисалы, чектеш жерлердеги Чу жана Талас дарыяларынын инфраструктурасын пайдалануу боюнча өз ара иштешүүсүнө көмөктөшүү аркылуу Чу-Талас комиссиясына колдоо көрсөтөт.