ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Чек ара көзөмөлү
Кеңсенин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (КР МЧК) менен биргелешкен иши трансулуттук коркунучтарга каршы туруу үчүн чек аралардын коопсуздугунун жана коопсуздукту башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Бул үчүн Кеңсе чек ара көзөмөлү чөйрөсүндөгү, ошондой эле кеңейтилген аймактык жана эл аралык кызматташтык жаатындагы кесиптик жана билим берүү институттарына колдоо көрсөтөт. Кеңсе ошондой эле КР МЧКнын тобокелдиктерди талдоонун негизинде Чек ара көзөмөлү модели боюнча иш-аракеттерине да жардам берет.