ЕККУнун аймактык жаштар форуму: Борбор Азиядагы адам сатууга каршы күрөшүүдө гендердик сезимталдыкты эске алуу
2024-жылдын 28-октябрынан 31-октябрына чейин өткөн Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Борбор Азия жаштар форумунда аймактын жаш лидерлери, активисттери жана эксперттери адам сатууга каршы күрөшүүдө гендердик аспектилерин эске алууну талкуулашты. Ысык-Көл облусунда өткөн форумда катышуучулар 2025-жылга карата аймактык кызматташтык жана медиа пландарын иштеп чыгышты.
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген катышуучулар гендердик сезимталдык, мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери, адам жана эмгек укуктары боюнча эл аралык стандарттар боюнча билимдерин тереңдетишти. Адам сатууну гендердик зомбулуктун бир түрү катары белгилеп, адам сатууга каршы аймактык саясатты күчөтүү үчүн алдын алуу стратегияларын изилдешти.
Форум Борбордук Азия жаштары үчүн нетворкинг платформа болуп, аларга практикалык көндүмдөрдү алууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.
ЕККУнун Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү жана координатору доктор Кари Джонстон айым жаштардын олутту ролун белгиледи: «Жаштардын инновациялык идеялары, жаңыча ой жүгүртүүсү жана социалдык тармактар менен технологияларды терең түшүнүүсү кылмышкерлерге каршы натыйжалуу куралга айланышы мүмкүн.»
Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция кеңеши ЕККУнун Астанадагы Программалык кеңсеси, ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору жана «Биримдик борбору» менен биргеликте уюштурулган.