ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Укуктук тартипти коргоо
Кеңсе Кыргыз Республикасына бардык укук коргоо органдарындагы мыйзам үстөмдүгүнүн, адам укуктарынын, гендердик тең укуктуулуктун жана көп улуттуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен укук коргоо органдарын (УКО) реформалоого колдоо көрсөтөт. Кеңсе маалыматтык, усулдук жана техникалык жаатта жардам көрсөтүү менен ушул принциптердин илгерилешине көмөктөшөт, анын ичинде жер-жерлердеги укуктук тартипти сактоону жакшыртуу үчүн милициянын көчмө кабыл алуучу пункттарын пайдалануу боюнча тренингдерди өткөрөт. Мындан тышкары, Кеңсе уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук иш-аракеттерди бириктирүү менен координациялоонун комплекстүү мультиведомстволук механизмин колдойт. Бул колдоонун башкы максаты – укук коргоо органдары менен сот тутумунун уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат соодасына жана киберкылмыштуулукка каршы туруу боюнча дараметин жакшыртуу болуп саналат.