Биз кайда турабыз
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргызстанда коопсуздуктун комплекстүү моделин түзүүгө жардам берет жана кабыл алуучу мамлекетке ЕККУнун милдеттенмелерин аткарууга жардам берет. (OSCE/Ademi Kydyralieva) Сүрөттү көрүү
Кеңсенин иши бир катар коопсуздук маселелерине: трансулуттук коркунучтардан (мисалы, адамдарды сатуу жана терроризм) тартып, укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө чейинки, ошондой эле экономикалык жана экологиялык маселелерге байланышкан тобокелдиктерге багытталган. Мындан тышкары, Кеңсе БУУнун Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө пактын, сот реформасын, гендердик тең укуктуулукту, адилеттүүлүктү жана демократиялуу шайлоо тутумун колдоого алат.