ЕККУ жашы жетпегендер тарабынан жасалган кылмыштар менен күрөшүүдө Кыргызстандын Өкмөтүн колдойт
Жакырчылык, баңгизаттары, ичимдик жана курдаштары тарабынан басым көрсөтүү – Кыргызстанда кылмыш жасаган жаштардын санынын кескин өсүүсүнө таасирин тийгизүүчү факторлор болуп саналат. Бул жөнүндө кварталдык милиция боюнча долбоордун алкагында Кыргызстандагы Ички иштер органдарынын маселелери боюнча ЕККУнун Программасы менен биргеликте жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөдө айтылат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын презентациялоо бүгүн, 2014-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинде болуп өттү.
Социологиялык изилдөө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин суранычы боюнча жүргүзүлдү. Изилдөөнүн жыйынтыгында белгиленгендей, 18 жашка толо электер тарабынан жасалган кылмыш иштери өлкөдө жасалган кылмыштын жалпы көлөмүнүн 45,5 пайызын түзөт. Мисалы, башкы прокуратуранын берген маалыматы боюнча 2013-жылы өлкөдөгү жашы жетпегендер арасындагы кылмыштуулук 2012-жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга өскөн, бул 2010-жылдагы көрсөткүчтөн 21 пайызга жогорулаган.
Изилдөөнүн жыйынтыгында жашы жетпегендердин иши боюнча инспекторлордун жана мугалимдердин бул маселени чечүү үчүн өтө жигердүү аракеттенүүлөрү зарыл экендиги белгилүү болду, анткени окуучулар үйүндө же мектептен сырткары туш болгон көйгөйлөр жөнүндө ачык айтууга даяр эмес.
«Бул социологиялык изилдөө жашы жетпегендердин арасындагы кылмыштардын алдын алуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууда жана өз убагында кадамдарды жасоодо Өкмөткө бир кыйла жардам берет, бул өлкөдөгү кылмыш иштеринин жалпы санынын кыскарышына өбөлгө түзөт деп ишенебиз», - деди Бишкектеги ЕККУ Борборунун башчысынын орун басары Джон Мак Грегор.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин орун басары Жылдыз Полотова мындай дейт: “Биз жашы жетпегендер арасында жасалган кылмыш иштеринин жана мыйзам бузуулардын себебин Өкмөттүн билүүсү жана алардын алдын алуу үчүн натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуусу маанилүү деп эсептейбиз”.
Изилдөө кварталдык милиция боюнча долбоордун алкагында Кыргызстандагы Ички иштер органдарынын маселелери боюнча ЕККУнун Программасы тарабынан жүргүзүлүп, адам укугу жана ички иштер органдары менен жергиликтүү коомдоштуктардын тыгыз өз ара байланышта болуу жаатындагы стандартка ылайык, полициялык кызматтын принцибин жүзөгө ашыруу максатын көздөйт.