ЕККУ жана мамлекеттик шериктери Кыргызстандын түштүгүндө түзүлгөн жарандык медиаторлор тобунун ишине алдын ала сереп жүргүзүүдө
11-ноябрь 2011-жыл – ЕККУ колдогон Кыргызстандын түштүгү Ош шаарында жана Ош областында түзүлгөн жарандык медиаторлор тобунун 2011-жылдагы жүргүзгөн ишмердигин жана келерки жылга болгон ишмердигине сереп жүргүзүү боюнча бир күндүк конференция болду.
Бул конференция ЕККУ, ошондой эле “Ирет” бейөкмөт уюму, Ош шаарынын мэриясы жана Ош областынын губернаторунун администрациясынын өкүлдөрү тарабынан уюшулду. Жарандык медиаторлор топторунун өкүлдөрү, укук коргоо органдары ошондой эле аймактык жана райондук бийликтин өкүлдөрү да бул конференцияга катышышты.
ЕККУнун Бишкектеги борбору 2011-жылы Ош жана Жалал-Абад областарында жарандык медиаторлор тобун түзүүнү колдогон. Бул медиаторлор топторун түзүүгө Ош шаарынын мэриясы жана Ош областынын губернаторунун администрация менен биргеликте кызматташуу аркылуу түзүлгөн.”Ирет” бейөкмөт уюму да, долбоордун ишмердигинде чоң роль ойногон. Бул бейөкмөт уюм медиаторлорду тандоодо мамлекеттик шериктери жана жарандык коом менен кызматташкан. Ошондой эле, медиаторлорду окутууга активдүү катышкан.
Ар бир чыр-чатактарды алдын алуу иштери менен алектенген медиаторлор тобу, түрдүү социалдык топтордон жана коомдордон, ошондой эле ар кандай этникалык жана диний, ошондой эле жаш өзгөчөлүктөрү жана гендердик теңдикти сактоо менен түзүлгөн.жарандык коомдун жана бийликтин өкүлдөрү ар бир топто теңме-тең көрсөтүлгөн.
Медиаторлор тобунун биринчи өзгөчөлүгү өздөрүнүн коомундагы чыр-чатактардын келип чыгышын изилдөө жана кызыкдар тараптар менен чыр-чатактарды алдын алуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен алектенишет. Ал эми, экинчи өзгөчөлүгү чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн болгон учурларда, укук коргоо органдары жана бийлик өкүлдөрү менен ыкчам иш алып баруу эсептелет.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: “ ЕККУ колдогон план чындыгында чыр-чатакты чечүүдөгү жаңылык жана өлкөнүн өзүнө болгон жардамы десек болот. Бул планга ылайык, чыр-чатактарды алдын алуу жана чечүү менен алектенген, жергиликтүү коомдон чыккан медиаторлор тобун окутуу жана уюштуруу мүмкүнчүлүгү аркылуу пайда алып келүү эсептелет.”
“Медиаторлор, бийликке кризистик убакты башкаруу жана чыр-чатактарды алдын алууда чоң жардам көргөзө алышат.”
Ош шаарынын мэриясына караштуу Аймактык кеңешинин Координациялык департаментинин башчысы, Маматемин Өмүрзаков мындай деди: “ Бул долбоор жергиликтүү администрация жана коомдун ортосундагы кызматташууну жана эриш-аркак иш алып барууну жогорулатууга мүмкүнчүлүгү чоң. Анткени, Ош шаарынын коопсуздугуна жана ички-этникалык мамилелерге байланыштуу маселелерди чечүүдө абдан маанилүү.”
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жергиликтүү башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башкы адиси Мархабо Зулпукарова мындай деп кошумчалады: “ Медиаторлор тобун түзүү жергиликтүү жарандарга өздөрүн коопсуздукта сезүүгө жардам берди. Анткени, алар ички-этникалык маселелер мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары жана жарандык коом менен биргеликте иштеп жаткандарын көрүшүүдө.”