ЕККУ Кыргызстандын Ички аскер бөлүгүнүн сууда жана тоодо күзөтүү боюнча тренингдин өтүшүн колдойт
![](https://www.osce.org/files/imagecache/10_large_gallery/f/images/hires/4/7/90168.jpg?1517404661)
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскер бөлүгүнүн кызматкерлери маанилүү энергетикалык инфрастуктуранын коопсуздугу боюнча тренингден өтүштү. Он күндүк тренинг ЕККУнун колдоосу алдында уюшулуп, 2012-жылдын 20-29-апрелинде, Кыргызстандын түштүгү Жалалабад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСинде өттү.
Жумушу, маанилүү энергетикалык инфраструктуранын объектилеринин коопсуздугуна байланышкан он катышуучу, өздөрүнүн сууда жана тоодо күзөтүү боюнча иш-тажрыйбасын жогорулата алышты. Аталган тренинг ЕККУнун Бишкектеги борборунун маанилүү энергетикалык инфраструктуранын объектилеринин коопсуздугу боюнча программасынын алкагында уюшулду. Тренингдин жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан берилген тоо жабдыктарынын топтому жана 2010-жылы тапшырылган катер колдонулду.