Аялдардын катышуусу – тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги
2023-жылдын 30-октябрында Баткен шаарында “Аялдардын катышуусу – тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги” аттуу Форуму болуп өттү. Форум БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2022-2024-жылдарга каралган 1325 Резолюциясын ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын Улуттук иш-аракеттер планынын негизги элементи катары өзгөчө мааниге ээ. «Мамлекеттик башкаруу, мыйзамдуулук жана тынчтыкты куруу» чөйрөсүндөгү стратегиялык багыттарды кароодон кийин Форум деталдуу талдоо, жалпы көйгөйлөрдү аныктоо жана «Аялдар, тынчтык, коопсуздук» глобалдык күн тартибин колдоого багытталган артыкчылыктарды аныктоо үчүн аянтча катары кызмат кылды.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 Резолюциясын Кыргызстанда улуттук жана жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышышты. Төрт тематикалык тегерек үстөл кеңири талкуулар үчүн аянтчаны түзүп, алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле, Форумдун жүрүшүндө «Аялдар, тынчтык, коопсуздук» аттуу күн тартибинин максаттарына жетүүгө багытталган өнөктөштүктүн жана биргелешкен иштин конкреттүү механизмдери иштелип чыкты.
«Белгилей кетсек, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси 2011-жылдан бери Аялдардын Демилгелүү Топторунун тармагын (АДТ) колдоп келет. Бул жергиликтүү деңгээлдеги активдүү аялдардын топтору жамааттын мүчөлөрүнүн арасында өз урматы менен пайдаланышып үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштө аялдардын укуктарын илгерилетүүгө, жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактарды алдын алууга жана чечүүгө көмөктөшөт. Мындан тышкары, бул тармак жаштарды тынчтыкты орнотуу жана адам укуктары боюнча окутууда маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү күндө АДТ тармагы өлкөнүн бардык жети облусунда аялдардын 28 тобун бириктирет. Бул иш-чара тажрыйба алмашуу жана байланыштарды чыңдоо үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан аял лидерлерин Баткенге чогултту”. – деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Екатерина Накашидзе айым.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси бул Форумду аялдардын демилгелүү топторунун тармагынын маанилүү демилгеси катары колдоого алып, аялдардын лидерлигин жана аялдардын тынчтык орнотуу көйгөйлөрүн чечүүгө катышуусун бекемдөөгө жардам берүүдө.
Бул Форумдун жыйынтыктары аялдарды тынчтыкты курууга жана чыр-чатактарды алдын алууга тартуу аркылуу тынчтыкка жана коопсуздукка жетишүүгө көмөктөшөт деп ишенебиз.