ЕККУнун колдоосу менен Кыргызстан аралык жаштардын көчөт отургузуу кампаниясы кайрадан уланууда
2024-жылдын 23-марты – Кыргызстандын жаштары Баткен облусунlа 555 итмурун жана 1000 Виргин арчасынын көчөттөрүн отургузуп, муну менен өлкө боюнча салттуу Жаштар көчөттөрүн отургузуу кампаниясын баштады.
Бул демилге 2022-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өтүүдө.
«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы жаштардын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга, Кыргызстандын жаратылыш мурастарын сактоого жана байытууга, ошондой эле жаштардын ыктыярдуу экологиялык кыймылын кеңейтүүгө багытталган.
Бул демилгенин алкагында экологиялык активисттер өлкөнүн ар бир облусуна барып, жергиликтүү жаштарды 1000-ден ашуун көчөт отургузууга чакырышат. Жаштардын жамааттык аракети менен өлкө боюнча 7 миңден ашуун көчөт отургузуу максаты ишке ашырылууда.
«Баткен облусун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү ЕККУнун эң башкы приориттеринин бири. Биз Баткен облусунун жаштарынын глобалдык жылууланууга каршы күрөштө колдоо мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө кубанычтабыз», - деп баса белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин негизги максаттарынын бири - экологиялык коопсуздукту жана коргоону өнүктүрүү. Биздин өнөктөштөр менен биргеликте биз бул демилге климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык актуалдуу көйгөйү менен күрөшүү үчүн жаштарды бириктирүүдө кыймылдаткыч күч деп эсептейбиз.
Иш-чара “Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюму, КР ӨКМнин алдындагы Токой кызматы, Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеcи, Кыргызстандагы GIZ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун колдоосу менен уюштурулду.