Organic Expo 2024 ЕККУнун колдоосу менен Борбор Азиядагы айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө
20–22-сентябрда Бишкекте “Органикалык Экспо – 2024” аймактык форуму болуп өттү, ал Борбордук Азиядагы туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту. Иш-чара тоолуу аймактарда экологиялык таза дыйканчылык ыкмаларын, органикалык дыйканчылыкты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону жайылтуу максатын көздөдү.
Organic Expo 2024 Көргөзмө-жарманкесине Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия, Россия жана Германиядан 200дөн ашык фермерлер, ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана 50 эксперттик баяндамачылар катышты. Катышуучулар органикалык айыл чарба, экология, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Иш-чаранын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана органикалык айыл чарба тажрыйбаларын жакшыртууга багытталган үч күндүк аймактык Форум да өттү. Негизги баяндамачылар өз сөзүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экспорттук потенциалды жогорулатуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн органикалык айыл чарбанын маанилүүлүгүн баса белгилешти.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза: «Бул форум Борбор Азиядагы туруктуу экономиканын пайдубалы катары органикалык айыл чарбаны илгерилетүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат», - деп белгиледи.
Organic Expo 2024, Кыргызстандын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык программасын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын колдоосу менен туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бирдиктүү мамилени калыптандырууга салым кошуп, аймактын айыл чарба тажрыйбасын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди.