Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси шайлоо процесстериндеги мыйзам бузууларга эффективдүү жооп кайтаруу боюнча окуу курстарын колдоого алат
Кыргызстанда 2021-жылы 24-мартта аяктаган “2021-жылы 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарындагы мүмкүн болуучу бузууларга чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын ролу” темасында Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окуу курстарынын сериясы.
Курстарды Кыргызстандын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (БШК) «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурууда.
Укук коргоо органдарына (УКО) окутуу семинарлары “тренерлерди даярдоо” форматында өткөрүлдү. Андан соң угуучулар бардык облустардагы укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрү үчүн кийинки окуу семинарларын өткөрүштү. Катышуучулар тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын эң кесипкөй жана тажрыйбалуу өкүлдөрүнөн, коомдук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен, ошондой эле Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын мугалимдеринен тандалып алынган.
Программа Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун жана Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын кесиптик окуу жайларынын окутуу программасына киргизилет. Максаты – шайлоо процесстериндеги мыйзам бузууларга укук коргоо органдарынын эффективдүү реакциясы үчүн туруктуу дареметин жогорулатуу системасын түзүү.