Кыргызстан жаштар курама командасы ЕККУнун колдоосу менен каржылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадада өлкө намысын коргоодо
Ысык-Көл, 2024-жылдын 8-13-сентябры – Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган финансылык коопсуздук боюнча беш күндүк Күзгү лагери жыйынтыкталды. Лагер Кыргызстандын финансылык коопсуздук боюнча улуттук командасынын мүчөлөрүн IV Эл аралык финансылык коопсуздук олимпиадасына даярдоого багытталган.
Финансылык коопсуздук боюнча 2024-жылкы Улуттук олимпиаданын финалисттери – болочок финансылык коопсуздук адистери лагерде квалификациясын жогорулатуу жана насаатчылык алуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Жигердүү сессиялар киберкоопсуздук, акчаны адалдоого каршы күрөшүү (AML), криптовалюта жана тобокелдиктерди башкаруу сыяктуу негизги темаларды камтыды. Катышуучулар практикалык иш-аракеттерди, анын ичинде финансылык иликтөөлөрдү жана реалдуу турмуштук кейстердин устундө изилдөөлөрдү жүргүзүү менен алектенип, заманбап финансылык коркунучтарды жана аларды азайтуу стратегияларын түшүнүштү.
Жыйынтыгында Финансылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадада Сезим Кубанычбекова жана Айназик Мамаева «Эл аралык мамилелер» жана «Экономика» секцияларында биринчи орундарды жеңип алышты.
“Финансылык коопсуздук бүгүнкү күндөгү глобалдык экономикада өсүп келе жаткан артыкчылык маселеси болуп саналат. Бул лагерь студенттерге теориялык билимдерин практикалык шарттарда колдонууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп, финансылык коргоо жаатында кызматташууга жана инновацияларга көмөктөшөт», - деп билдирди Канат Асангулов мырза, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.
Сөзүнүн аягында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мындай деп белгиледи: «Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен биз киберчабуулдар, криптовалюталык алдамчылык жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши сыяктуу жаңы чакырыктарга туш болуп жатабыз. Андыктан коопсуздуктун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу гана эмес, өсүп келе жаткан муунга финансылык сабаттуулуктун жана коопсуздуктун принциптерин үйрөтүү да маанилүү” - деди Элчи Алексей Рогов мырза.
Демилге ЕККУнун Кыргызстандагы келечектеги финансылык коопсуздук адистерин өнүктүрүү боюнча уланып жаткан милдеттенмесинин бир бөлүгү. 2022-жылдан бери ушул сыяктуу программаларга катышкан 16 студент акчаны адалдоого каршы күрөшүү секторуна ийгиликтүү киришти, анын ичинде улуттук коопсуздук, стандарттарды сактоо (compliance) жана финансылык чалгындоо жаатындагы адистер.
Бул кызматташуу аркылуу ЕККУ жана ФЧМК финансылык коопсуздук боюнча эксперттердин жаңы муунун калыптандырып, Кыргызстандын финансылык коопсуздугун сактоого умтулган таланттарды өстүрүүдө.