Коопсуз келечекти куруу: ЕККУ Кыргызстандагы ок-дары кампаларын башкаруу боюнча тренинг-окутууларды алып барууда
Ош, 2024-жылдын 15-19-июль – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргызстандагы ок-дары кампаларын башкаруу (ОКБ) боюнча тренерлер үчүн бир жумалык окуу курсун өткөрдү. Бул демилге келечектеги ок-дарыларды сактоону башкаруу боюнча тренерлердин квалификациясын эл аралык сунуштарга жана алдыңкы тажрыйбаларга ылайык жогорулатууга багытталган.
Курс Эл аралык ок-дарылардын техникалык колдонмолорун (IATG) жана улуттук эрежелерди сактоого багытталган теориялык жана практикалык тренингдерди камтыды. Ок-дары сактоочу жайларда күтүүсүз окуялардын алдын алуу үчүн коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурулду. Тренингди бул жаатта тажрыйбасы бар Австриядан келген эксперттер өткөрүштү. Катышуучулар ок-дарыларды сактоону башкаруунун ар кандай аспектилери, анын ичинде коопсуздук протоколдору, тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу стратегиялары, физикалык коопсуздук жана запастарды башкаруу (PSSM) принциптери жана эффективдүү окутуу программаларын иштеп чыгуу боюнча тренинг алышты.
Австриялык эксперт Штефан Сандер мырза бул программанын маанилүүлүгүн белгиледи: “ABS ToT программасы катышуучуларга ок-дары кампаларын башкаруу боюнча окууларды эл аралык колдонмолорго, алдыңкы тажрыйбаларга жана улуттук нускамаларга ылайык уюштуруу жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ар кандай кызматтык ролдорго жана ведомстволук түзүмдөргө ылайыкташтырылган ТоТ курсу бардык катышуучуларга ок-дарыларды сактоо жана башкаруу чөйрөсүндө компетенттүүлүк жана шайкештикти жогорулатуу, теориялык жана практикалык окууларды натыйжалуу өткөрүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү алууга кепилдик берет.
ЕККУнун өкүлү Ева Климук айым өз кезегинде окутуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Ок-дарыларды башкаруу боюнча окутуу программасы коомчулуктарды ок-дарыларды сактоонун туура эмес ыкмалары менен байланышкан тобокелдиктерден коргоодо маанилүү роль ойнойт. Бул демилге аскер кызматкерлеринин коопсуздугун гана эмес, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар тараптуу корголушуна да салым кошот. Тренинг катышуучуларга эл аралык стандарттарды сактоо боюнча зарыл көндүмдөрдү берет, ошону менен аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдейт».
Бул иш-чара ЕККУ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүккө салым болуп, тараптардын ар тараптуу окутуу, өз ара ишенимди чыңдоо жана коопсуздук чөйрөсүндө узак мөөнөттүү кызматташуу үчүн туруктуу потенциалды камсыз кылуу аркылуу коопсуздук стандарттарын жогорулатууга умтулуусун көрсөтүп турат. Аталган окуу курсу АКШ, Германия жана Австрия тарабынан каржыланган “ЕККУ аймагында ок-дарыларды сактоонун коопсуздугун жогорулатуу” аттуу бюджеттен тышкаркы долбоордун алкагында ишке ашырылууда.