Ош шаарында III кинологиялык бөлүмдөрдүн ведомстволор аралык мелдеши ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдосу менен аяктады
Ош, 2024-жылдын 7-12-октябры – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кинологиялык бөлүмдөрдүн ведомстволор аралык III сынагын уюштурууга салым кошту.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Чек ара кызматы менен укук коргоо органдарынын ортосунда түштүк Кыргызстанда ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын, кадимки ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган ведомстволор аралык биргелешкен машыгуулардын сериясын колдоого алууда.
Бул сценарийге негизделген машыгуулар ички структуралар жана Чек ара кызматынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле укук коргоо органдары менен тыгыз өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн маанилүү. Биргелешип иштөө менен машыгуунун катышуучулары бири-биринин операциялык процедуралары менен көбүрөөк таанышып, коопсуздук коркунучтарына тез жана натыйжалуу жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Үч күн бою Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жана Чек ара кызматынын кинологиялык бөлүмдөрүнөн турган курама топтор бир катар татаал тапшырмаларды аткарышты. Алардын ичине багажда, унааларда жана жабык жайларда баңгизаттарды табуу, тоскоолдуктарды ашуу жана жалпы баш ийүүнү көрсөтүү кирди. Өзүнүн шамдагайлыгы жана үйрөтүүгө жөндөмдүүлүгү менен белгилүү болгон немис жана бельгиялык овчаркалар негизги атаандаштар болуп калышты.
«Акыркы учурга чейин жеңүүчүнү алдын ала айтуу кыйын болду», - деди мелдештин башкы калысы, полковник А. Абдылдаев мырза. «Башында ИИМдин Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын тобу биринчи катарда келе жаткан. Бирок кечээ күнү УКМКнын Чек ара кызматынын командасы алдыга чыкты.”
Калыстар тапшырманын аткарылышын гана эмес, иттин жүрүм-турумуна жана анын ит багуучунун буйруктарына реакциясына да баа беришти. Мындан тышкары, элементтерди аткаруунун техникасына өзгөчө көңүл бурулган. «Тил алуу» этабында Австриядан келген кинология тармагындагы эксперт Йозеф Шюценхофер мырза калыстык кылды.
Чыңалган финалдык этапта УКМКнын Чек ара кызматынын тобу биринчи орунду ээлеп, жеңишке жетишти. ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын курама тобу 2-орунду, Мамлекеттик бажы кызматынын тобу 3-орунду ээледи. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы төртүнчү орунга чыкты.
Жеке таймашта Чек ара кызматынын прапорщиги Н. Султанов мырза өзүнүн ити Закат менен 1-орунду ээледи. ИИМдин атынан лейтенант Б. Батыркул уулу мырза Тина аттуу ити менен 2-орунга, Мамлекеттик бажы кызматынын майору Н. Гладкова айым Герда ити менен 3-орунга ээ болушту.
Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар, анын ичинде медалдар, дипломдор жана ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Мындан тышкары, жеңүүчү командаларга кинологдорго атайын рюкзактар жана кызматтык иттерге кургак тамактар тапшырылды.
Мына үчүнчү жыл катары менен ЕККУнун Программалык кеңсеси кинология боюнча ведомстволор аралык мелдештерге колдоо көрсөтүп, потенциалды жогорулатуу жана окутуу аркылуу Кыргызстанда коопсуздук кызматташтыгын чыңдоого умтулуусун тастыктады.
III Ведомстволор аралык кинологиялык бөлүмдөрдүн мелдештери АКШ, Германия, Норвегия жана Улуу Британия тарабынан каржыланган, Австрия жана Польша тарабынан колдоого алынган «Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып өтүү коркунучун азайтуу» аттуу бюджеттен тышкаркы долбоордун алкагында өткөрүлдү.