ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлгөн окуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ок-дарыны башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат

2025-жылдын 1-11-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин он сегиз адиси ок-дарыны коопсуз сактоо, көзөмөлдөө жана ташуу боюнча окуудан өттү. Бул окуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте жана Германия Федеративдүү Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен уюштурулган.
Бул эки жумага созулган интенсивдүү окуу Германиянын Бундесверинин Верификациялоо борборунун эксперттери тарабынан өткөрүлүп, катышуучуларды ок-дары менен коопсуз иштөө боюнча терең техникалык билим жана практикалык көндүмдөр менен камсыз кылды. Окуу эл аралык таанылган стандарттарга, анын ичинде Эл аралык ок-дары боюнча техникалык нускамаларга, БУУнун "Кызгылт сары китебине", Кооптуу жүктөрдү автомобиль менен ташуу боюнча келишимге жана ЕККУнун мыкты тажрыйбаларына ылайык өткөрүлдү.
Окуу учурунда катышуучулар ок-дарыны коопсуз сактоо, эффективдүү көзөмөлдөө жана ташуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Бул көндүмдөр улуттук коопсуздукту камсыздоодо жана эл аралык нормаларга ылайык иш алып барууда маанилүү. Окуу Кыргызстандын ок-дарыны коопсуз башкаруу системасын жакшыртуу боюнча аракеттерин дагы бир жолу бекемдеп, өлкөнүн жалпы коопсуздук инфратүзүмүн чыңдоого салым кошту.
Бул окуу Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн 2023–2025-жылдар аралыгындагы колдоосунун акыркы этабын түздү. Бул мезгил ичинде жалпы жонунан Коргоо министрлигинин 65 кызматкери ийгиликтүү даярдыктан өттү.
Бул демилге Австрия, Франция, Германия, Норвегия жана Швейцария тарабынан колдоого алынган, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жеңил жана ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын жашоо циклин башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган, ЕККУнун кошумча бюджеттик долбоорунун алкагында ишке ашууда.