Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
Ок-дарылар коопсуздугун жогорулатуу: ЕККУ Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтыкты бекемдөөдө
Publishing date: 17 марта 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2025-жылдын 12-мартында Бишкекте порохтук ок-дарыларды тестирлөө ыкмалары боюнча регионалдык семинар өттү. Бул иш-чара ок-дарылар коопсуздугун жогорулатууга жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Семинарды ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен өнөктөштүктө жана Австриянын Коргоо министрлигинин колдоосу менен уюштурушту. Ага Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин офицерлери катышты. Катышуучулар порохтук ок-дарылардын туруктуулугун сыноо боюнча алдыңкы ыкмаларды, анын ичинде биринчи деңгээлдеги мобилдик лаборатория – Порохту сапаттык анализдөө комплектин (QPAK) колдонуу тажрыйбасын талкуулашты. Австриянын Коргоо министрлигинин эксперттери порохтун туруктуулугун баалоо жана ок-дарылар сакталган кампаларда кокусунан жарылуу коркунучун азайтуу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин башчысы Константин Бедарев мырза регионалдык кызматташтыктын маанисин белгилеп өттү: «Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө аймакта коопсуздукту жогорулатууга жана ок-дарыларды туруктуу башкарууга өбөлгө түзгөн натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет». Бул демилге “Женил жана ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын жашоо циклин башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин потенциалын чындоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Австрия, Франция, Германия, Норвегия жана Швейцария тарабынан колдоого алынууда.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ЕККУнун колдоосу менен ок-дары запастарын башкаруу системасын жакшыртууда
Publishing date: 14 марта 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2025-жылдын 3-мартынан 14-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сегиз техникалык адиси ок-дарынын туруктуулугун баалоо боюнча атайын окуу курсун ийгиликтүү аякташты. Окуу курсу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен кызматташтыкта жана Австриянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен уюштурулду. Катышуучулар нитроцеллюлоза негизиндеги ок-дарылардын туруктуулугун баалоо үчүн QPAK жана QPAK+ системалары менен жабдылган көчмө лабораторияларды колдонуу боюнча практикалык тажрыйба алышты. Бул тажрыйба ок-дары сакталган кампа жайларында кокустук жарылуулардын алдын алууда өтө маанилүү болуп саналат. Жаңы инструменттер жана билимдердин жардамы менен Коргоо министрлигинин кызматкерлери ок-дарылардын туруктуулугун натыйжалуу текшерип, көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тобокелдиктерди азайтууга жана ок-дары запастарынын жалпы коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт. «Курал-жаракты көзөмөлдөө биздин Уюмдун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Биз чакан жана жеңил курал-жарактарды жана ок-дарыларды башкарууну өркүндөтүү менен ЕККУ аймагында коопсуздукту камсыздоого дагы бир кадам таштадык», — деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Саясий-аскердик департаментинин башчысы Константин Бедарев мырза. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Женил жана ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын жашоо циклин башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин потенциалын чындоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Австрия, Франция, Германия, Норвегия жана Швейцария тарабынан колдоого алынууда.
ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлгөн курал-жарактардын мыйзамсыз соодасына каршы окутуу Кыргызстандагы чек ара коопсуздугун чыңдоодо
Publishing date: 21 ноября 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ЕККУ Секретариатынын Чыр-чатактардын алдын алуу борбору жана Коопсуздук боюнча кызматташтык форуму менен биргеликте Ош шаарында «Курал-жарак жана жеңил куралдар (КЖЖК), ок-дары жана жарылуучу заттар менен мыйзамсыз соодага каршы күрөшүү» аттуу окутуу курсунун экинчи модулун ийгиликтүү аякташты. Окутуу 2024-жылдын 18-21-ноябрында өтүп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин КЖЖКны аныктоо, конфискациядан кийинки документтештирүү, маалымат бөлүшүү жана изин табуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталды.
ЕККУнун аймактык жаштар форуму: Борбор Азиядагы адам сатууга каршы күрөшүүдө гендердик сезимталдыкты эске алуу
Publishing date: 1 ноября 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 28-октябрынан 31-октябрына чейин өткөн Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Борбор Азия жаштар форумунда аймактын жаш лидерлери, активисттери жана эксперттери адам сатууга каршы күрөшүүдө гендердик аспектилерин эске алууну талкуулашты. Ысык-Көл облусунда өткөн форумда катышуучулар 2025-жылга карата аймактык кызматташтык жана медиа пландарын иштеп чыгышты.
Ош шаарында III кинологиялык бөлүмдөрдүн ведомстволор аралык мелдеши ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдосу менен аяктады
Publishing date: 12 октября 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Ош, 2024-жылдын 7-12-октябры – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кинологиялык бөлүмдөрдүн ведомстволор аралык III сынагын уюштурууга салым кошту. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Чек ара кызматы менен укук коргоо органдарынын ортосунда түштүк Кыргызстанда ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын, кадимки ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган ведомстволор аралык биргелешкен машыгуулардын сериясын колдоого алууда.
Organic Expo 2024 ЕККУнун колдоосу менен Борбор Азиядагы айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө
Publishing date: 11 октября 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
20–22-сентябрда Бишкекте “Органикалык Экспо – 2024” аймактык форуму болуп өттү, ал Борбордук Азиядагы туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту. Иш-чара тоолуу аймактарда экологиялык таза дыйканчылык ыкмаларын, органикалык дыйканчылыкты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону жайылтуу максатын көздөдү.
Кыргызстан жаштар курама командасы ЕККУнун колдоосу менен каржылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадада өлкө намысын коргоодо
Publishing date: 7 октября 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Ысык-Көл, 2024-жылдын 8-13-сентябры – Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган финансылык коопсуздук боюнча беш күндүк Күзгү лагери жыйынтыкталды. Лагер Кыргызстандын финансылык коопсуздук боюнча улуттук командасынын мүчөлөрүн IV Эл аралык финансылык коопсуздук олимпиадасына даярдоого багытталган.