Ок-дарылар коопсуздугун жогорулатуу: ЕККУ Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтыкты бекемдөөдө
2025-жылдын 12-мартында Бишкекте порохтук ок-дарыларды тестирлөө ыкмалары боюнча регионалдык семинар өттү. Бул иш-чара ок-дарылар коопсуздугун жогорулатууга жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Семинарды ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен өнөктөштүктө жана Австриянын Коргоо министрлигинин колдоосу менен уюштурушту. Ага Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин офицерлери катышты.
Катышуучулар порохтук ок-дарылардын туруктуулугун сыноо боюнча алдыңкы ыкмаларды, анын ичинде биринчи деңгээлдеги мобилдик лаборатория – Порохту сапаттык анализдөө комплектин (QPAK) колдонуу тажрыйбасын талкуулашты. Австриянын Коргоо министрлигинин эксперттери порохтун туруктуулугун баалоо жана ок-дарылар сакталган кампаларда кокусунан жарылуу коркунучун азайтуу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин башчысы Константин Бедарев мырза регионалдык кызматташтыктын маанисин белгилеп өттү: «Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө аймакта коопсуздукту жогорулатууга жана ок-дарыларды туруктуу башкарууга өбөлгө түзгөн натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет».
Бул демилге “Женил жана ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын жашоо циклин башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин потенциалын чындоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Австрия, Франция, Германия, Норвегия жана Швейцария тарабынан колдоого алынууда.