Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ЕККУнун колдоосу менен ок-дары запастарын башкаруу системасын жакшыртууда
2025-жылдын 3-мартынан 14-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сегиз техникалык адиси ок-дарынын туруктуулугун баалоо боюнча атайын окуу курсун ийгиликтүү аякташты. Окуу курсу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен кызматташтыкта жана Австриянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Катышуучулар нитроцеллюлоза негизиндеги ок-дарылардын туруктуулугун баалоо үчүн QPAK жана QPAK+ системалары менен жабдылган көчмө лабораторияларды колдонуу боюнча практикалык тажрыйба алышты. Бул тажрыйба ок-дары сакталган кампа жайларында кокустук жарылуулардын алдын алууда өтө маанилүү болуп саналат.
Жаңы инструменттер жана билимдердин жардамы менен Коргоо министрлигинин кызматкерлери ок-дарылардын туруктуулугун натыйжалуу текшерип, көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тобокелдиктерди азайтууга жана ок-дары запастарынын жалпы коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
«Курал-жаракты көзөмөлдөө биздин Уюмдун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Биз чакан жана жеңил курал-жарактарды жана ок-дарыларды башкарууну өркүндөтүү менен ЕККУ аймагында коопсуздукту камсыздоого дагы бир кадам таштадык», — деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Саясий-аскердик департаментинин башчысы Константин Бедарев мырза.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Женил жана ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын жашоо циклин башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин потенциалын чындоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Австрия, Франция, Германия, Норвегия жана Швейцария тарабынан колдоого алынууда.