Кыргызстандагы жалпы маалымат каражаттарынын этикалык стандарттары ЕККУ тарабынан колдоого алынган иш-чарада талкууга алынды
БИШКЕК, 2-ноябрь 2012-жыл – Бүгүн Бишкекте ЕККУ тарабынан колдоого алынган талкуунун негизги темасы - Кыргызстандагы басма сөз жана интернеттеги этикалык нормаларды жана тийиштүү профессионалдык принциптерин жакшыртуу болду.
Бул Талкуу “Медиа консалт” коомдук уюму тарабынан жүргүзүлдү. Кыргызстандагы ММКнын этикалык нормаларынын мониторинги боюнча акыркы аналитикалык докладынан кийин болду. Талкууга 25 ке жакын адам катышты; алардын ичинде редакциялардын өкүлдөрү, тийиштүү мамлекеттик структуралардын жана башка медиа-коомчулуктун өкүлдөрү болушту. Талкууда этикалык нормалар жана принциптер айтылып, теоретикалык жана практикалык колдонмолор сунуш кылынды.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун аскердик-саясий бөлүмүнүн башчысы Росс Браун мындай деди: “ЕККУ бардык тараптагы профессионалдык принциптерге көмөктөшөт жана журналисттердин этикасы демократиялык коомдун негизги элементи болуп эсептелет.” Ал, журналисттик стандарттардын сакталышы үчүн отчеттун ролун айтып, анын журналисттер этикалык кодексине байкоо жүргүзүүгө негиз болорун кошумчалады.
“Медиа консалт” уюмунун жетекчиси Эльмира Токтогулова мындай деди: “Бул изилдөөнү жүргүзүүдөгү биздин максатыбыз конкреттүү бир ММКны күнөөлөө эмес, тескерисинче, учурдагы абалды Кыргызстанда көрсөтүү. Андан сырткары, биздин максат - редакторлорго жана журналисттерге жакшы абройго жетишүүгө жана аудиториянын ишенимине ээ болууга жардам берүү, азыркы таптагы журналисттердин этикасынын кодексине негизделген саясатын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү.”