ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен коррупциянын алдын алуу жолдору талкууланат
БИШКЕК, 26-апрель 2011 ж. – Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Эл аралык Бизнес Кеңеши деген мамлекеттик эмес уюм коррупцияга каршы мыкты тажрыйбаларды ачык жолугушууда талкуулашат.
Бул жолугушуу Кыргызстандагы башкаруу, карама-каршылыктарды алдын алуу жана экономикалык өнүгүү боюнча талкулоолорду байланыштыруу максатында уюштурулуп жатат. Мындай иш-чара негизги катышуучуларга - мамлекеттик уюмдар, жеке ишмерлер (бизнес) жана коомдук жарандарга жана уюмдарга, бул чөйрөдөгү саясатты өнүктүрүү жана коом тарабынан ачык түшүнүүгө жардам берет. Талкуулоолор, мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы менен бөлүшүүгө платформа болот.
Элчи Эндрю Тесорьер, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, мындай деп айтты: «Кыргызстандагы коррупцияны жоюу улуттук экономиканын жана улуттук институттардын өнүктүрүүгө абсолюттук шарт жана жаңы түрткү боло алат жана ал институттардын коомдун ишеничине ээ болуусуна шарт түзөт. Бүгүнкү талкуулоо сөз менен ишти айкалыштурууну аныктайт. ЕККУ Кыргызстандагы жаңы этикалык маданияттын өнүктүрүүну колдоп келе жатат».
Актилек Тунгатаров, Эл аралык Бизнес Кеңешинин башчысы мындай деди: «Коррупция бүткүл мамлекеттердеги түйүндүү маселе. Бирок коррупциянын төмөндөөсү гана эле ийгиликке жетүүсүн билдирбейт. Башкаруу маданиятын жаратуусу менен коррупциянын пайда болуусун азайтса болот».