ЕККУнун көчмө окуу тобу Кыргызстандагы чек ара жана бажы кызматкерлери үчүн кризисти башкаруу жана сурамжылоо алып баруу көндүмдөрүн өркүндөтүүдө
БИШКЕК, 2024-жылдын 1-5-июлу – ЕККУнун Трансулуттук коркунучтар департаменти ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте “Кризистик кырдаалдарды башкаруу, шектүүлөрдүн жүрүм-турумун талдоо жана сурамжылоо жүргүзүү ыкмалары” боюнча бир жумалык окуу курсун өткөрдү.
Демилге чек арачылардын потенциалдуу кризистик кырдаалдарга чара көрүү көндүмдөрүн жогорулатууга, сурамжылоо жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүүгө жана жүргүнчүлөрдү эффективдүү профилдештирүү жана текшерүү үчүн шектүүлөрдүн жүрүм-турумун терең түшүнүүгө багытталган. Аталган демилге чек араларда террорист деп шектелген чет элдик согушкерлерди аныктоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртат.
Окуу курсу ЕККУнун жетекчилиги астында атайын Көчмө окутуу тобу тарабынан өткөрүлдү. 2023-жылы түзүлгөн Көчмө окутуу тобу – бул ЕККУга мүчө мамлекеттеринин чек араларында потенциалдуу чет элдик террористтик согушкерлерди аныктоодого колдоо көрсөтүүгө даяр квалификациялуу тренерлер тобу.
Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси доктор Габриэла Геллил айым окуу курсунун жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Германия эл аралык системанын алкагында макулдашылган аракеттерди бекемдөөгө умтулат. Ар түрдүү кызыкдар тараптар менен кызматташуу жана адам укуктарын урматтоо менен биз аялуу жерлерди аныктай алабыз, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшө алабыз жана чек ара коопсуздугу менен башкарууну жакшыртуу үчүн ылайыкташтырылган чечимдерди иштеп чыга алабыз».
«Өнөктөштөр менен биргелешкен күч-аракеттерибиз аркылуу биз Кыргызстандын жалпы өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна салым кошкон коопсуз жана туруктуу чөйрөнү түзүүгө умтулабыз», - деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза.
ЕККУ аталган тренингди Кыргыз Республикасынан келген суроо-талаптардын негизинде башка темалар боюнча же ар түрдүү аудиториялар үчүн кошумча тренингдерди өткөрүү аркылуу өнүктүрүүнү пландаштырууда. Келечектеги тренингдер «тренерлерди үйрөтүү» компонентин камтыйт жана катышуучуларга жаңы алган билимдерин жана көндүмдөрүн теңтуштарына өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет.
Бул демилге аркылуу ЕККУ аймактык туруктуулукка жана коопсуздукка салым кошуп, потенциалды жогорулатуу жана эл аралык кызматташтык аркылуу чек ара коопсуздугун жана башкарууну чыңдоого умтулуусун ырастайт.
Аталган окуу курсу АКШ жана Германия тарабынан каржыланган «ЕККУнун аймагында чет өлкөлүк террористтик согушкерлердин чек арадан өтүүсүн жана башка чек ара кылмыштарын аныктоодогу көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн ЕККУнун көчмө окуу тобун даярдоо жана жайгаштыруу – 2 фаза» - аттуу бюджеттен тышкаркы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.