Бишкекте ЕККУнун колдоосу менен кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун жыйыны аяктады.
Бишкекте ЕККУнун колдоосу менен кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун жыйыны аяктады.
27-31-майда Бишкекте кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) 40-пленардык жыйыны болуп өттү. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөн иш-чарада ЕККУнун каржылык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана финансылык коопсуздукту чыңдоо боюнча аймактык аракеттериндеги ролу баса белгиленди.
Катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү стратегияларды координациялоо, негизги чечимдерди кабыл алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы эл аралык стандарттарына шайкештигин баалоо үчүн чогулушту. Катышуучулар аткарылган иштер боюнча отчетторду беришти жана аймактык финансылык коопсуздукту бекемдөө жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү максатын көздөп, өз ара баалоонун жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди талкуулашты.
«Бул жолугушуу аймактык финансылык коопсуздукту чыңдоо боюнча биздин биргелешкен милдеттенмелерибизди баса белгилеп, кызматташтыкты тереңдетүүгө жана коркунучтарды натыйжалуу чечүү үчүн мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана биз коопсуз жана туруктуу каржы системасын түзө алабыз”, - деп бөлүштү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысынын орун басары Екатерине Накашидзе айым.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүгүн улантат жана ЕККУ аймагында туруктуу жана коопсуз финансылык чөйрөнү түзүү үчүн финансылык коопсуздукту бекемдөөгө умтулат.