ЕККУ Кыргызстанда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы укуктук чараларды күчөтүүгө салым кошууда
2023-жылы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси (Программалык кеңсе) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы (КР ИИМ БЗМЖКК) менен биргеликте баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча улуттук мыйзам долбоорун иштеп чыгарылды.
Бул олуттуу демилге улуттук, аймактык жана глобалдык баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйлөрү менен байланышкан өсүп жаткан татаалдыктарды натыйжалуу чечүүдө тоскоолдуктарга дуушар болгон учурдагы мыйзамдык базадагы чектөөлөрдү жоюуга багытталган.
Программалык кеңсе мыйзам долбоорун иштеп чыгууга улуттук консультанттарды тартууну колдоду. Андан сырткары, консультанттар менен жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташууну камсыз кылуу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун эки отурумун өткөрдү. Бул мыйзам долбоорунун негизи КР ИИМ БЗМЖКК менен Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 2019-жылы биргелешкен аракеттеринин натыйжасында түптөлүп, эл аралык уюмдардын жана улуттук өнөктөштөрдүн мыйзамсыз баңгизаттар аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча биргелешкен милдеттенмелерин чагылдырат.
2024-жылдын 7-мартында президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы улуттук мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча мыйзамдык базаны бекемдөөгө умтулуусун баса белгилейт. 1994-жылы ратификацияланган негизги эл аралык конвенцияларга шайкеш келтирилген жаңы мыйзам долбоору Кыргызстандын укук коргоо органдарын модернизацияланган инструменттер жана механизмдер менен камсыз кылып, алардын баңги аткезчилиги менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү потенциалын жогорулатат.