ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты жана диалогду өнүктүрүү максатында консультативдик механизмин алып барууда
Бишкек, Кыргыз Республикасы –2024-жылдын 27-февралы
Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси консультациялык механизмдин алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы жана жарандык коомдогу бардык өнөктөштөрү менен жолугушту. Бул атайын жыл сайын өтүүчү консультациялар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетишкендиктериy талкуулоого жана келерки жылга пландарды белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Консультативдик механизмдин жүрүшүндө Программалык кеңсесинин бардык үч бөлүмүнүн – Саясий-аскердик бөлүмүнүн, Экономикалык жана экологиялык бөлүмүнүн жана Адам укутарын коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү 2023-жылдагы жетишкендиктери менен тааныштырып, 2024-жылга карата приоритеттерин жана пландарын белгилешти.
Салт катары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жыл сайын өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талаптары менен шайкеш келтирүү менен консультациялык механизмдердин эки раундун өткөрөт. Бул механизм кызыкдар тараптардын ортосунда диалогду, кызматташтыкты жана чечимдерди кабыл алууну жеңилдетүүнүн практикалык куралы катары кызмат кылат.
Консультативдик механизмдин жүрүшүндө, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза мындай деп билдирди: "Бул маанилүү платформа биздин бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты жана диалогду өнүктүрүүгө болгон умтулуубузду баса белгилейт. Биздин күч-аракетибизди Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттары менен шайкеш келтирип, Кыргыз элинин ар түрдүү муктаждыктарын канааттандырган таасирдүү демилгелерди жеткирүүгө умтулабыз."
Консультативдик механизм жана башка демилгелер аркылуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасында жана аймакта тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү колдоо үчүн өз ишин мындан ары улантууда.