ЕККУ Кыргызстанда экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн алдыңкы ыкмаларын колдоодо
2024-жылдын 15-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баа берүүгө арналган үч күндүк семинар аяктады.
Бул иш-чараны ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору (мындан ары – Антитеррордук борбор) жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча “Хедайя” эл аралык борбору менен бирге уюштурган. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Программаны ишке ашырууда мониторинг жүргүзүү жана баа берүү инструменттери жана методологиялары менен таанышып, иш-чаралар планын ишке ашырууда алдыңкы ыкмаларды колдонууну иштеп чыгышты. Семинардын түзүмү “Хедайя” борборунун мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасынын негизинде иштелип чыккан. Бул системада методология, ресурстарды бөлүштүрүү, максат коюу, маалымат топтоо, баа берүү жана индикаторлорду аныктоо камтылган. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Иш-чаралар планын эске алуу менен иштелип чыккан көнүгүүлөрдү аткарып, теманы терең түшүнүүгө жана практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө шарт түзүлдү.
"Бул иште Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын бирге иш алып баруусу, ошондой эле өткөрүлгөн иш-чараларга туура баа берүү жана мониторинг жүргүзүү өтө маанилүү”, – деп Кыргыз Республикасынын УКМК Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов белгилеп өттү. “Бул стратегиялык документтер зордук-зомбулук экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн улуттук системасынын негизи болуп саналат. Анда мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн атайын механизмдер каралган”, – деп ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов белгиледи. Ал эми “Хедайя” эл аралык борборунун изилдөө жана талдоо программасынын жетекчиси Эмма Аллен: “Биздин ишибиздин негизги багыты – бул өлкөлөрдүн иш-аракеттер пландарын түзүүдө, ишке ашырууда, мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө колдоо көрсөтүү. Бул иш-чаралар пландарын колдоо экстремисттик коркунучтардан көз каранды эмес дүйнө куруунун негизи болуп саналат", – деп кошумчалады.
Иш-чара кызыкдар тараптардын кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, натыйжалуу методика менен жабдып, зордук-зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү боюнча улуттук аракеттерге салым кошту. Кыргыз Республикасы мониторинг жүргүзүү жана баа берүү жаатында алдыңкы тажрыйбаны колдонуп, терроризмге каршы күрөшүү боюнча узак мөөнөттүү демилгелерин илгерилетүүдө.
2023-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зордук-зомбулук экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү максатын жана механизмин аныктап, Программаны бекитти. 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган Иш-чаралар планында Программаны ишке ашыруу стратегиялары белгиленген. Бул документтер ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен иштелип чыккан.