Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен жеке маалыматтарды коргоо жаатында Венгриянын тажрыйбасын үйрөнүүдө
2023-жылдын 6-декабрынан 7-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана аталган Агенттиктин Окуу борборунун кызматкерлери ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Венгриянын Будапешт шаарына таанышуу сапар менен келишти. Иш сапардын максаты – кибермейкиндикте жеке маалыматтарды коргоо жана кибер инциденттерге чара көрүү жаатында тажрыйба алмашуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы санариптик чөйрөдө маалыматты эффективдүү коргоо үчүн Венгриянын колдонгон ыкмалары жана технологиялары менен таанышты. Тажрыйба жана билим алмашуу өлкөдөгү жеке маалыматтарды коргоо системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, Агенттик менен Венгриянын Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча Улуттук бюросунун ортосундагы кызматташуу киберкоргонуу тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, Венгрия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдейт.
Иш-чара 2023-жылдын 13-февралында Агенттик менен Венгриянын Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча Улуттук бюросунун ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында өткөрүлдү.
Өз мандатынын алкагында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасында кибермейкиндиктин коопсуздугун жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө мындан ары колдоо көрсөтүүгө умтулат.