Кыргызстандын ишкерлери жаштар инновациясын өнүктүрүүгө салым кошууда: Түндүк Македониянын Скопье шаарында өткөн ЕККУнун Учурдагы төрагасынын Жаштар форумунан көз ирмемдер
Кыргыз Республикасынан эки жаш ишкер Таңсулуу Арстанбекова айым жана Нургазы Раев мырза ЕККУнун Учурдагы төрагасынын “Жаштар инновациясы жана ишкердиги: ЕККУ аймагында туруктуу келечекти түзүү” аттуу жаштар форумуна катышышты.
Таңсулуу Арстанбекова айым жана Нургазы Раев мырза Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарында экологиялык жактан таза товарларды чыгарууга жана кызмат көрсөтүүлөргө адистешкен туруктуу ишкердик тармагындагы инноваторлор. Таңсулуу айым кургатылган мөмө-жемиштерди таңгактоо жана өндүрүү ишканасын башкарып, чыгарылган продукцияны жергиликтүү рынокко жана ошондой эле экспортко багыттайт. Нургазы мырза кофе дүкөндөр тармагын көзөмөлдөп, кошумча жаңы сыгылган ширелердин кеңири тандоосун сунуштайт. Жаш ишкерлер ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан Кыргыз Республикасынын беш аймагында түзүлгөн Ишкердикти колдоо борборлорунун бүтүрүүчүлөрү. Борборлор аймактарда жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө: ишкердикти өнүктүрүү, ишкердик жүргүзүүнүн укуктук маселелери, финансы жана маркетинг сыяктуу тармактарда комплекстүү консультациялык кызматтарды көрсөтүүдө негизги ролду ойнойт.
Эки жылдын ичинде Ишкердикти колдоо борборлору тарабынан 358ден ашык ишкерге жардам көрсөтүлүп, аларга ишкердикти жүргүзүүдөгү кыйынчылыктарды жеңүүгө керектүү билим жана тажрыйба берилди. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан түзүлгөн Ишкердикти колдоо борборлорунун негизги максаты - жаштардын ишкердигинин гүлдөшү үчүн шарттарды түзүү. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын жана ЕККУнун бүткүл аймагынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жаш ишкерлердин потенциалын өнүктүрүү тармагында Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда. Жаштар форумуна Таңсулуу Арстанбекова айым менен Нургазы Раев мырзанын катышуусу алардын жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн аянтча болуп, ЕККУ чөлкөмүндөгү башка ишкерлер менен билим жана мыкты тажрыйба алмашууга көмөктөштү.