Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү: Бишкекте ЕККУнун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү Жашыл экономика форуму өттү
2023-жылдын 16-ноябрында Бишкекте жыл сайын өтүүчү аймактык “Жашыл экономика 2023: Борбордук Азия регионун туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү максаттары” аттуу форуму болуп өттү. Форумда мамлекеттик ведомстволордун жана туруктуу бизнес жана башкаруу чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттердин катышуу менен аймактагы жашыл чечимдерди масштабдоо боюнча жалпы көйгөйлөр жана чечимдер талкууланды.
Катышуучулар мамлекеттик жана жеке секторлордун өз ара аракеттенүүсү жаатындагы эл аралык практика жана глобалдык интеграцияга көмөктөшүү үчүн жеке секторду «жашылдандыруу» каражаттары менен таанышты. Андан сырткары дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү үчүн Борбор Азиядагы потенциалдуу сектордук демилгелер аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев мырза Туруктуу өнүктүрүү максаттары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат деп билдирди. «Биз азыркы экономиканы жашыл экономикага айландыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Кыргыз Республикасы жашыл инвестицияларды тартуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана таза транспортту киргизүү боюнча иш алып барууда», - деп белгилеп кетти Адылбек Касымалиев мырза.
«ЕККУ мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө жана «Жашыл экономиканы өнүктүрүү» программасына ылайык негизги иш-чараларды жана пландарды ишке ашырууга колдоо көрсөтүү менен жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кылдаттык менен көмөк көрсөтүүдө. Биз ошондой эле стратегиялык укуктук, экономикалык жана институционалдык реформаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасына үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүдөбүз», - деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысынын милдетин аткаруучу Александр Елисеев мырза.
Өнөктөштөр менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Туруктуу өнүгүү максаттарына умтулууда жана Кыргыз Республикасына жашыл экономика жана аймактык кызматташтыкты өркүндөтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантат.