ЕККУнун колдоосу менен Ысык-Көлдө терроризмге каршы күрөшүү боюнча эксперттердин жылдык жыйыны терроризмге алып келген зордук-зомбулук, экстремизмдин жана радикалдашуунун алдын алуу жана ага каршы туруу маселесине арналды
2021-жылы 18-августтан 21-августка чейин Ысык-Көлдө жыйынга 48 улуттук жана эл аралык эксперт, анын ичинде тиешелүү министрликтердин, укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү катышты. Жолугушуу гибрид форматында өттү.
Жолугушуу адам укуктарын жана мыйзамдын үстөмдүгүн сактоону камтыган көп багыттуу мамилеге ылайык терроризмди, зордук-зомбулук экстремизмди жана терроризмге алып келүүчү радикалдашууну алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча ар кандай аспектилерди ачык талкуулоого көмөктөштү.
Эксперттер терроризмге каршы күрөшүү чөйрөсүндө иш алып барган мамлекеттик органдардын эл аралык укуктук жана саясий негиздерине ылайык иш алып барган негизги аспектилери, көйгөйлөрү жана көрүлүп жаткан чаралары менен бөлүшүштү. Жолугушуу эффективдүү эл аралык кызматташтыктын өбөлгөлөрү жана терроризм менен зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү үчүн Кыргызстан бардык улуттук кызыкдар тараптарды кантип тартууга боло тургандыгы боюнча мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү максатын көздөдү.
Терроризмге каршы эксперттердин жыл сайын болуучу жолугушуусу бардык катышуучу улуттук өнөктөштөр арасында тажрыйба алмашуу жана терроризмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүүнүн бардык аспектилерин талкуулоо үчүн үзгүлтүксүз мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган платформаны түзөт. Бул жолугушуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Антитеррордук борбор жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси менен ЕККУнун Трансулуттук коркунучтар боюнча департаментинин 2018-жылдан бери экинчи жолу өз салымын кошуп келе жаткан байланышынын натыйжасы болду.