ЕККУ Кыргызстанда жарандык билим берүүнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантууда
Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси Кыргызстанга жарандык билим берүүнү илгерилетүү боюнча колдоо көрсөтүүнү улантууда, анын ичинде Кыргызстанда майыптар, жаштар, жергиликтүү активисттер жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү сыяктуу максаттуу топторго өзгөчө көңүл бурулат.
22-31-июлга чейин Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси EAGL Коомудк Фонду менен тыгыз кызматташтыкта уюштурган үч күндүк окуу семинарларына өлкөнүн бардык аймактарынан 470тен ашык жарандар катышты.
Катышуучулар негизги шайлоо укуктары, улуттук шайлоо мыйзамдары, анын ичинде акыркы мыйзам чыгаруу демилгелери жана шайлоо процесстеринин жүрүшүндө мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик жөнүндө түшүнүктөрүн жана билимдерин кеңейтишти. Алар ошондой эле шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, соттордун, саясий партиялардын ролу жана функциялары жана шайлоо процессинде көз карандысыз шайлоого байкоочулардын ролу менен таанышты.
Окутуучу семинарлар Германия, Финляндия, Швейцария жана Норвегия тарабынан марттык менен колдоого алынган Программалык кеңсенин «2020-жылдагы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге инклюзивдүү шайлоолорду киргизүүнү бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» аттуу бюджеттен тышкаркы долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.