ЕККУ Кыргызстандагы биринчи улуттук кибер машыгууну колдойт
2021-жылы 28 - 29-апрелде Бишкекте биринчи улуттук киберкоопсуздук боюнча “Санарип Кыргызстан 2021” машыгуулары өттү. Иш-чара Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жана Эл аралык электр байланыш биримдигинин колдоосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору (УКМК ККБ) уюштурулду.
Бул машыгуунун максаты катышуучуларга киберкоркунучтарды аныктоо, кибер окуяларга жооп кайтаруу жана коопсуз маалымат алмашуу чөйрөсүндө жооптуу органдардын дареметин күчөтүү багытында иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөрдү берүү болгон. Практикалык сабактарды өткөрүү үчүн киберкоопсуздук тармагында иштеген эл аралык эксперттер чакырылган. Эл аралык электр байланыш биримдиги, Group-IB жана «Касперский Лабораториясы» виртуалдык чөйрөнү кибер окутуу үчүн - кибер платформаларды камсыздашты.
УКМКнын кибер коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Координациялык борборунун директору Жаныбек Жоробаев атышуучуларды куттуктап, "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо Концепциясында жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын кибер коопсуздук стратегияларында белгиленген стратегиялык артыкчылыктарга дал келген биринчи улуттук киберкоопсуздук машыгууларынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс катышуучуларды куттуктап, COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турган мамлекеттерди колдоодо ЕККУнун ролун баса белгиледи.
Бул жаңы чындык киберкоопсуздукка байланыштуу жаңы чакырыктарды жана муктаждыктарды чечүү зарылдыгын ачып бергенин белгилеп, «Эл аралык коомчулук бул жаңы динамикага жооп берүүгө жана кибермейкиндиктен келип чыккан эң актуалдуу коркунучтарга каршы турууга милдеттүү. Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси бул жаатта Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү улантууга умтулат” – фон Аркс деп айтты.
Кибер машыгуулар учурдагы киберкоркунучтар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана мамлекеттик органдардын, банктардын, университеттердин жана маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө иштеген башка кызыкдар тараптардын жооптуу маалымат технологияларынын адистеринин координацияланган аракеттери үчүн өбөлгөлөрдү түзүүгө багытталган. Машыгуулар ошондой эле УКМКнын кибер коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Координациялык борбору менен өз ара аракеттенүүнүн практикалык механизмдерин талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн аянтча түздү. Иш-чара санариптештирүү долбоорлорун андан ары ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана Кыргызстанда инклюзивдүү, коопсуз интернет саясатын иштеп чыгуу жана калыптандырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.