ЕККУ Кыргызстанда жүргүнчүлөр жөнүндө маалымат алмашуу системасын ишке ашырууга жардам берет
2020-жылдын 3-декабрында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтарды алмашуу, жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо (API/PNR) тутумун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча бир күндүк тегерек үстөлдү ийгиликтүү аяктады. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) менен биргеликте уюштурулган.
Талкууга укук коргоо органдарынын, чек ара көзөмөлүнүн жана аэропорттун администрациясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасына эл аралык каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын 36 өкүлү катышты.
Жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтар менен алмашуу системаларынын, атап айтканда API/PNRдин баалуулугу эл аралык коомчулук тарабынан бир нече жолу баса белгиленген. Катышуучулар COVID-19 пандемиясынын учурунда чек ара жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтар коомдук ден соолукка кандай салым кошо аларын изилдеп, ошондой эле маалыматтарды коргоо жана адам укуктары н коргоо маселелерин карап чыгышы керек экенин түшүнүштү.
Катышуучулар API/PNR системасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты жана улуттук тажрыйбанын көбөйгөнүн, ошону менен бирге эле кыска мөөнөттүн ичинде жетишилген олуттуу ийгиликтерди белгилешти. Ошондой эле катышуучуларга жүргүнчүлөр тууралуу маалымат бөлүмүнүн (ЖМБ) ишин көрсөтүлдү. УКМКнын Антитеррордук борборунун курамына кирген бул бөлүм Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин көмөгү менен түзүлгөн. ЖМБ жүргүнчүлөр боюнча маалымат алмашуу процессине катышкан бардык тараптар үчүн бирдиктүү жол катары кызмат кылат.
Тегерек үстөл мамлекеттик органдарга жана авиакомпанияларга тармактын учурдагы абалы жана маалыматтар менен алмашуу чөйрөсүндө кызматташуунун мындан аркы процессин уюштуруу боюнча маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түздү. Долбоор БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2178, 2396 жана 2482 резолюцияларына ылайык ишке ашырылат, алар террористтик жана оор кылмыштардын алдын алуу, аныктоо, иликтөө жана куугунтуктоо үчүн API жана PNR маалыматтарын чогултууну жана колдонууну талап кылат.
Долбоор ЕККУнун жогоруда аталган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын сактоого көмөктөшүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат, ошондой эле API колдонууну жакшыртуу боюнча ЕККУга мүчө-мамлекеттер тарабынан 2016-жылдын декабрында кабыл алынган 6/16 Министрлер кеңешинин чечимин колдоого көмөк түзөт.