ЕККУ аялдардын катышуусун илгерилетүү аркылуу COVID-19га каршы аракеттенүү үчүн өкмөттүн дареметин күчөтүү боюнча семинарды колдойт
ЕККУнун демөөрчүлүгү менен «Өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү: өз ара аракеттенүү жана чакырыктар. Өзгөчө кырдаалдарда жумушчу аялдардын ролу» аттуу темада 6 күндүк интенсив Ысык-Көлдө 16-сентябрда аяктады.
Семинар Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен кыргыз аялдарынын коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук тармагындагы ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Семинарга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Мамлекеттик коргоо комитетинин өкүлдөрү катышты.
Апрель жана май айларында Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу чектөө чаралары киргизилген. Экинчи толкундун пайда болушуна байланыштуу өткөн айлардан алынган сабактарды карап чыгуу менен келечекке сунуштарды берүү маанилүү.
Катышуучулар тажрыйба алмашып, өзгөчө кырдаалдарда мекемелер аралык күч-аракеттерди координациялоонун натыйжалуулугун талкуулашты, өзгөчө кырдаалдарда мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты жана бул иш-чараларды камсыз кылууда аялдардын ролун талдоого алышты.
Айдаркул Каана, кыргыз аялдарынын коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук тармагындагы ассоциациясынын төрагасы: «Аялдар COVID-19 жооп кайтарууда алдыңкы катарда болгон саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматкерлердин көпчүлүгүн түзөт. Ошондуктан ар кандай өзгөчө кырдаалдарда аялдардын координациялык топторго катышуусу жагдайды тез жана натыйжалуу калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт».