ЕККУ Кыргызстандагы өнөктөштөрүнө COVID-19 кризисинин таасирин азайтуу үчүн жеке коргонуу каражаттарын берет
Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси Кыргызстандын COVID-19 эпидемиясына каршы аракеттенүүсүнө салым кошуу үчүн өнөктөштөргө жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) тапшырды. ЖКК тапшыруу 2020-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында өттү.
Жабдуулар алдыңкы катардагы мамлекеттик кызматкерлерге, ыктыярчыларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине арналып, аларга күнүмдүк милдеттерин коопсуз аткарууга мүмкүндүк берет. Ага респираторлор, комбинезондор, кол каптар, көз айнектер жана жакындаштырылган термометрлер кирет.
Бул Кыргызстандын өкмөтүнө коронавирустун жайылышын токтотуу аракеттерине көмөк көрсөтүү үчүн Программалык кеңсенин техникалык жардамынын эки аракетинин биринчиси. Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси ишенимдүү өнөктөш бойдон калууда жана Кыргызстанга COVID-19нын таасирин азайтуу боюнча жардам көрсөтүүнү улантууда.
Техникалык жардамдан тышкары, ЕККУнун Программалык кеңсеси дагы COVID-19га жооп катары комплекстүү мамилеге негизделген бир катар программалык иш-чараларды күчөттү. Бул коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо, кичи жана орто ишканаларды колдоо, пенитенциардык системага көмөк көрсөтүү жана коомчулуктун деңгээлинде иштеген аялдардын демилгелүү топторунун тармагына кызматташтыкты чыңдоону камтыйт.