Кыргызстанда биринчи болуп лаванда чарбасын өнүктүрүүгө аттанган ишкер айым
Кыргызстанда биринчи болуп лаванда чарбасын өнүктүрүүгө аттанган ишкер айым
Жагымдуу лаванда талааларын, абадагы ажайып жыттарды жана көз жетгис көк-кызгылт гүлдөрдгө толгон талааларды элестетиңиз. Бул талааларды Франциянын Прованс шаарында эмес, Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда элестетиңиз. Туура бул сюрреалдуу угулуш, бирок бул чындык – эми Кыргызстанда жана бүтүндөй Борбор Азия аймагында биринчи лаванда фермасы бар.
Лаванда, адатта, Кыргызстандын фермери короосунда өстүрө турган өсүндүк эмес. Картошка, буудай жана пияз өлкөдө өстүрүлгөн негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына кирет. Бирок, Айсулуу Дуйшебаеванын оюу башкача.
38 жаштагы Айсулуу Дүйшебаева, борбор калаа Бишкекте жайгашкан бир нече эл аралык уюмдарда, негизинен Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы долбоорлордо иштеген. Жылдар бою ал органикалык айыл чарбасына колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү жөндөмдөргө жана тажрыйбага ээ болуп, көп өтпөй өз алдынча иштөөгө аттанат.
"Деталдарга көңүл буруу абдан маанилүү. Көпчүлүк фермерлерде өсүмдүктөрдү иштетүүнүн коопсуздугу жана натыйжалуулугу тууралуу билими жок", - дейт Айсулуу. Маселен, дыйкандар курт-кумурскалар тушкөндөн кийин айыл чарба өсүмдүктөрүнө жер семирткичтерди чачышат, ал өсүмдүккө зыян келтирип, чоңоюп калган курт-кумурскаларга анча деле таасир этпейт, «Ал убакта дарылануу эч натыйжа бербей, химиялык заттар топуракта, сууда жана абада калып кала берет», - дейт Айсулуу. Ал эми жер семирткичтер Кыргызстанда эрте жазда курт-кумурскалар дагы деле түшө электе уруктардын өсүүсүнүн алгачкы этаптарында колдонулса, дарылоо аракеттери зыянкечтерди оңой жок кылып, топуракка жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө анча деле зыян келтирбейт. Мындай эрте дарылоо азыраак жер семирткичтерди талап кылып дыйкандарга акчаны жана убакытты үнөмдөөгө жардам берет.
Айсулунун мурунку карьералык тажрыйбасы таза эфир майларын тоолуу аймактарда, башкача айтканда, өнүккөн өнөр жай инфраструктурасы жок аймактарда өстүрсө болорун тушунүугө жардам берген. Бул жагынан алганда Кыргызстан мындай эксперимент үчүн эң ылайыктуу болгон: бийик тоолуу, абасы таза, айыл жеринде айрыкча аялдар менен майыптар арасында жумушсуздук. Андан тышкары, башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу таза эфир майлары дүйнөлүк рынокто кымбат, ошондуктан жакшы киреше алып келиши да мүмкүн.
Кызыктуусу, дүйнө жүзү боюнча багытталган фармацевтикалык компаниялар ар дайым органикалык таза эфир майларын издешет, анткени 80% атырлардын курамына дал ошол майлар кирет. "Тилекке каршы, бүгүнкү күндө дүйнөлүк парфюмерия рыногу синтетикалык майларга толгон, ошондуктан адам денесине тийгенде жыттар жагымдуу жыт бербей тез учуп кетет", - дейт Айсулуу.
2020-жылдын январь айында Айсулуу Ысык-Көл облусунан айдоо жерин сатып алып, өзүнүн лаванда өстүрүүчү фермасын өнүкрүрүү чечимин кабыл алган. Кадимки сасык тумоо сыяктуу сезилген оору глобалдык инфекцияга айланып, мамлекеттер аралык чек аралар жабылып жана адамдар үйлөрүнөн чыкпай калат деп эч кимибиз ойлогон эмеспиз деп айтуунун кажети жок. КОВИД-19 Айсулуунун жашоосун да өзгөрттү, бирок анын чечкиндүүлүгүнө жана ишине берилгендигине жолто боло алган жок.
Бишкекте үч ай карантинде отурган Айсулууга 2020-жылдын жай айларында гана айдоо жерлерине барууга уруксат берилет. Айсулуу биринчи жана экинчи урук себүү мезгилдерин өткөрүп жиберген, себеп дегенде ал 2020-жылдын февраль айында Болгариядан буюртма берген лаванда көчөттөрү Кыргызстанга ошол жылдын кеч күзүндө жер үстү кар басып калганда гана келген.
Ошентсе да, бул жагдай жаш фермерге бизнестеги кризистерди туура башкарууга үйрөттү. Айсулуу жер тилкесинин айрым бөлүктөрүн органикалык мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өстүрүүгө багыттаган, көп өтпөй аларды Бишкектин эко дүкөндөрүнө өткөрүп баштаган жана азыркы күнгө чейин дүкөндөрдү эко продукция менен камсыз кылып келет. Бул бизнес кийинки лаванда көчөттөрүн отургузуу мезгилине чейин Айсулууга туруктуу киреше табууга жардам берди.
"Мен айдоо аянтына келгенде ал жакта эч нерсе жок, кургак жана шамалдуу ээн талаа эле болгон. Жата турганга да жерим жок болгондуктан, 2020-жылдын жай айларында, кичинекей жер там салганча уч ай машинамда жашадым" деп Айсулуу жылмайуу менен эстейт.
Бул лаванда өзгөчө жогору сапаттуу, анткени өстүрүү процесси да, продукт да 100% органикалык. Айсулуу лаванда көчөттөрүн кол менен отургузат, отоо чөптөрдү кол менен тазалайт, жер семирткичтерди колдонбойт, бадалдарды өзү кол менен терет. Мунун баары лаванда сапатын бузган химиялык заттарды, керосин жана техниканы колдонбоо үчүн жасалат.
Бүгүнкү күндө Айсулуу Жапониядагы ар бир кардар үчүн индивидуалдуу жыпар жыттарын жараткан жогорку деңгээлдеги парфюм компаниясына таза лаванда жана Дамаск Роза эфир майларын ийгиликтүү экспорттойт. Бул Айсулуунун продукцияларынын өзгөчө жогорку сапатын далилдейт. Жакында экспорт батыш тарапка, Германияга кете баштайт. Бирок экспортко чейинки жол татаал болуп тоскоолдор көп болгон: «бир тууган агамдан башка эч ким жардам берген жок, мен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинен бизнес грантын утуп алганымда ага ишенип аны өздөштүрүп кетүүгө бир аз убакыт керек болду», - дейт жаш ишкер айым.
Өткөн 2021-жылы стартаптарды жана кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө багытталган PEAK программасы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Айсулуу Дүйшебаевага мөмө-жемиш кургаткыч жана дистиллятор түрүндө грант ыйгарган, анын жалпы баасы 8000 еврону түздү. Бул жаңы жабдуулар Айсулуга таза эфир майларынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берди, ал түшүндүргөндөй "дистилляторду бир өсүмдүккө гана колдонсо болот, башкача айтканда Дамаск Роза гүлүнөн эфир майларын алуу үчүн бир эле дистилляторду колдонууга болот, ал эми лаванда майын чыгарүү үчүн башка дистиллятор керек, эгер эки башка өсүмдүккө бир эле дистиллятор колдонулса анда эки майдын тазалыгы бузулат. Ошондуктан, ЕККУдан жаңы дистилляторду алуу менин бизнесим үчүн чоң салым болду.”
Келечекте Айсулуу лаванда өстүрүү көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда. Орточо алганда, Кыргызстанда ар бир үй чарбасына 10 - 15 сотка жер бөлүнүп берилет. Тилекке каршы, бул колдо болгон жерлердин көбүнчөлөрү пайдаланылбай, үй-бүлөлөр ал жерге жөн эле чарбалык курулуштарды куруп жатышат. "Ийгиликке жеткенимде жергиликтүү коомчулукка, өзгөчө айымдарга 2-3 сотых жерди уникалдуу лаванда өстүрүүгө бөлүп берүү пайдалуу экенин далилдей алам деп ишенем”,-дейт Айсулуу. Элестеткиле, 1000 үй-бүлөнү, башкача айтканда, Кыргызстандагы эң аз дегенде 1000 айылдык кыз-келиндерди чогултуп, аларды окутуп, алар менен иштешип, жаңы кирешелерди жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу – бул менин келечектеги кыялым, - дейт Айсулуу, - бул менин бизнесимдин өсүшүнө да жардам берет. Лаванда майынын көлөмүн көбөйтүп, менин мекенимди дүйнөлүк картада лаванда майын экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кошууга жардам берет.”
Ошол эле учурда Айсулуу эфир майларынын сапатын жогорулатууга көңүл буруу биринчи орунда, ал эми өндүрүш көлөмүн көбөйтүү экинчи планда турганын баса белгилеп, «Менин эң башкы максатым өндүрүштүн көлөмүн тынымсыз көбөйтүү эмес, тескерисинче, кошумча нарк кошуу, ошону менен жердин баасын жогорлатуу. Мен өзүмдүн туулуп өскөн жеримде жана бүткүл Кыргызстан боюнча аялдарга таандык жаңы ишканаларды орнотуу жана өнүктүрүү болуп келет».
2017-жылдан бери ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси бүткүл Кыргызстан боюнча чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Программалык кеңсе Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында Ишкердикти колдоо борборлорун түзүүгө көмөктөшкөн жана алардын ишине үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет. 2020-2021-жылдары Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы эки ИКБнун негизинде Программалык кеңсе айымдардын ишкердигин колдоо долбоорун иштеп чыккан, бул долбоор ЕККУнун 2022-жылдагы «Мыкты демилге» номинациясында гендердик чемпиону сыйлыгын жеңип алган. Программалык кеңсенин командасы кабыл алуучу мамлекеттин аймактарында айымдардын жана эркектердин чакан жана орто ишканаларынын туруктуу өнүгүүсүн колдоого умтулат.