Айымдар, тынчтык жана коопсуздук: Кыргызстандан келген окуя
Аскер кызматы эркектерге гана эмес, айымдарга да таандык кызмат. Эркектердин да аялдардын да ар кандай ишке салым кошууга күчтүү жактары жана мүмкүнчүлүктөрү бар.
Чек ара кызматында үч жылдан бери кызмат өткөн 28-жаштагы Нуркыз Нурланова Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жайгашкан "Манас" эл аралык аба майданында 150дөн ашык автоматташтырылган жана паспортту таанып билүүчү сенсорлорду иштөө абалына келтирген.
Нуркыз "Манас-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун Чек ара контролунун автоматташтырылган системасы (ЧКАС) бөлүмүнүн офицери. Сегиз адам менен чогуу иштеп жалгыз айым гана болбостон Нуркыз бул бөлүмдү жетектеп келет.
ЧКАС - Мамлекеттик чек араны кесип өткөн адамдар жана Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүктөр жөнүндө маалыматтарды ыкчам чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тышкы миграциясын эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы.
Чек ара кызматына болгон кызыгуу
Нуркыз кичинекей кезинен эле атасы унаа оңдоп жатканда аны абдан кызыгуу жана шыктануу менен карап, ага көп жардам берген; көп убакыт өтпөй, Нуркыз акырындык менен өзү да ар кандай шаймандарды оңдоп-түзөөгө үйрөнөт. Кийинчерээк Нуркыз инженердик кесипке окууну чечип, жогорку окуу жайга тапшыруу тандоодон жеңил өтүп, курсташтарынын арасынан окуусун ийгиликтүү бүтүргөн жалгыз студент болот.
Нуркыздын КР УКМКнин Чек ара кызматынын катарларында кызмат өтөөсү 2018-жылы Чүй облусунун Новопокровка айылында башталган. Нуркыз өзүнүн тандоосун аң-сезимдүү экенин билдирип, “Апам үй кожойкеси, бирок ал дайыма Чек ара кызматында иштөөнү кыялданчу. Анын туруктуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндөгү окуялары мени ушул тармакта карьера жасоого түрткү берди жана мен өзүмдүн сүйүктүү ишимди тапканымды эми түшүндүм," - деп Нуркыз жылмайуу менен айтат.
Чек ара кызматы жөнүндө
2019-жылы Нуркыз “Манас” эл аралык аба майданынын паспорттук көзөмөл бөлүмүнө которулуп, көп өтпөй биринчи офицердик наамына ээ болот. "Менин максатым - полковник наамына ээ болуу, анткени мен кызмат офицери болгондуктан чек ара кызматында узак мөөнөттүү карьерага ишене алам", - деп Нуркыз өзүнүн пландары менен бөлүшөт.
Нуркыз бош убактысында аба майдандын кампасында көптөн бери чаң басып жаткан аппараттарды өкүнүч менен карап, иштен чыгып калган жабдууларга экинчи мүмкүнчүлүк берем деп көп кыялданчу. Бир күнү Нуркыз бурагычты, ширетүүчү темирди камдап, эски техниканы калыбына келтирүү боюнча ишти баштайт жана кампада болгон бардык бузулган техникаларды жакынкы кезекке коет.
Нуркыздын практикалык тажрыйбасы, билими жана аракети Чек ара кызматынын жетекчилигинин көз жаздымында калбай, 2022-жылдын февраль айынан бери Нуркыз ЧКАС бөлүмүн жетектеп келет. Ага ал жердеги бардык техникаларды оңдоп-түзөө жана ошону менен өткөрүү пунктунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу милдети жүктөлгөн. Андан тышкары, Нуркыз өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен муктаж болгон жана кеңеш сураган кесиптештери менен бөлүшүүгө дайыма кубанычтуу.
Нуркыздын айтымында, бул иш армиядагы тартипти, ар кандай адамдар менен тил табыша билүүнү, берилгендикти, түнкү нөөмөткө даярдуулукту, кайраттуулукту жана рухтун бекемдигин талап кылат.
"Эң башкысы коркпоо жана ишке жоопкерчиликтүү болуу!"
Нуркыздын карьерасындагы бурулуш чекит 2021-жылдын март айында Regula компаниясынын заводу жайгашкан Минск шаарына болгон сапары болду. Бул документтердин, акча белгилеринин жана баалуу кагаздардын аныктыгын текшерүү үчүн дүйнөдөгү эң ири эксперттик продукт өндүрүүчүлөрдүн бири. Бул Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган документтерди таанып-билүү жана талдоо аппараттарын оңдоо жана тейлөө боюнча бир жумалык адистештирилген тренинги болду.
Бул курс Нуркыздын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн трамплин болуп ал жерде Нуркыз өзүнүн жөндөмдөрүнө дагы көбүрөөк ишеним арта алды. Нуркыз жашоодо мүмкүн эмес эч нерсе жок экенине ишенет - аймдар үчүн да, эркектер үчүн да "Эң башкысы коркпоо жана ишин туура улантуу!" - дейт ал. Алдыда анын чоң пландары жана максаттары бар.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси 2016-жылдан бери "аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана чек ара кызматынын трансчегаралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу чөйрөсүндө потенциалын жогорулатуу" долбоорунун алкагында чек ара кызматынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча Кыргызстандын аракеттерин колдоп келет.