Аялдар арасындагы лидерство - өзгөрүү күчү
Кыштын таңы суук жана караңы. Айнура Оморова - Саруу айылында райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси. Ал эртең менен эрте жумушка кеткенде сыртта дагы эле караңгы. Иш кун бейтаптар менен башталат. Аларды эрте ойготуп койгону үчүн Айнура кечирим сурайт.
2020-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясынан келип чыккан пандемия бүт кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөрттү. Бейтаптардын агымы, оорукана керебеттеринин жетишсиздиги, оорулуу дарыгерлер, чарчаган медайымдар, дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын жетишсиздиги, андан да өкүнүчтүүсү, абал качан оңолоорун билбестик. Бул Айнуранын чыдамкайлыгын жана сабырдуулугун сынады, бирок ал күн сайын ар бир бейтап үчүн туруктуулук менен күрөштү.
Айнуранын чечимине таасир берген күрөшкө тушүү мүнөзүбү, же адамдарга жардам берүүгө берилгендигиби, же балким маркум күйөөсүнүн колдоосубу, айтоор Айнура 2019-жылдын сентябрь айындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга чечим кыбыл алат. Ал биринчи жолу эмес, бирок бир ай мурун кабыл алынган жана кол коюлган мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн эң аз 30 пайыздык гендердик квота аркылуу биринчи жолу шайланды, буга көмөк болгон ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ар тараптуу колдоосуда болду. Айнура жана башка сегиз айым кеңештин 21 орунунан тогузуна (43%) ээ болушту.
2021-жылдын апрель айында Кыргызстан боюнча 420га жакын айрым жергиликтүү кеңештерге миңдеген айым депутаттык мандатка ээ болушкан. Гендердик квотага ылайык азыр 452 жергиликтүү кеңеште аялдар 39 пайыз орунга ээ болсо, алардын 43ү, Айнураны кошкондо, кеңештердин төрагалары.
"Аялдар өтө жоопкерчиликтүү жана кылдаттык менен иштешет, бул айрыкча кеңештин отурумдарында гендердик сезимтал бюджетти камсыз кылууда абдан пайдалуу",- деп Айнура 2019-жылы ДИАУБ тарабынан уюштурулган Гродно аялдар форумунда оюн билдирди.
Айнура ЕККУнун Программалык кеңсесинин тарабынан 2020 жана 2021-жылдары уюштурулган Лидерлик мектептерине катышкан кыргызстандык аялдар тууралуу шыктандыруучу окуясы менен бөлүштү. Айнура өз сөзүндө ар кимди күмөн саноолордон арылып, көңүлүн топтоп, өз коомчулугу үчүн талыкпай эмгектенүүгө үндөдү.
Айнура өзүнүн айылдык кеңешинин төрагасы катары дал ушундай маанай менен жигердүү иштеп келет. Анын төрагалыгы алдында, кеңеш жергиликтүү мектептердин биринде класстык бөлмөлөрүн толугу менен оңдоп, электр зымдарын жана тосмолорун калыбына келтирди, мындай иштер совет доорунан бери жүргүзүлбөй келген; балдар сабак учурунда ушүп калбасын деп башка мектепте жаңы жылытуу казандарын орнотту; Саруунун кууш көчөлөрү кеңейтилип, асфальтталды; Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 110 жаңы көчөдө көчө чырактары орнотулду.
"Бизде 4 млн сом [42 000 евро] калды, биз жаңы чакан ГЭСти курууга, ошондой эле кургакчыл жай айларында кошумча суунун агымын түзө турган тоо дарыяларынын жээгине чакан жасалма мөңгүлөрдү түзүүчү объектти курууну пландаштырып жатабыз," - дейт, жылдын аягына чейин кеңештин каражатын толугу менен өздөштүрүүнү максаттаган Айнура.
Саат 21:00да Айнура оорукананын ишин бүтүрүп, түн ортосуна чейин созула турган кеңештин сессиясына жол алды. Жолдо телефону шыңырап, бейтаптарынын биринин кан анализини жакшы эмес экенин медайымы кабарлады. Айнура таң эрте барып карайм деп жооп тартты.