ЕККУ Кыргызстандагы этностор аралык биримдикти чыңдоого жардам берүүдө
18-19-майда ЕККУнун Программалык кеңсеси Кыргызстандагы тынчтык орнотуу иш-чараларын колдоо боюнча программалык аракеттеринин алкагында потенциалды жогорулатуу боюнча бир катар иш-аракеттерди баштады. Ош шаарында өткөн семинар чыр — чатактардын алдын алуу жана абайлатуу маселелери менен алектенген мекемелерди колдоого, анын ичинде Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун алкагында колдоого багытталган.
Семинарга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык саясат бөлүмүнүн кызматкерлери, анын ичинде республиканын көп улуттуу аймактарынан келген коомдук кабылдамалардын 23 жооптуу катчылары, ошондой эле Президенттик аппараттын кызматкерлери катышты. Семинар учурундагы потенциалды жогорулатуу боюнча иш-чаралар ЕККУнун аз улуттардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын жана ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан тартылган улуттук эксперттер тобу тарабынан биргелешип иштелип чыккан жана өткөрүлгөн.
“Семинар ЕККУ менен кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү болуп саналат, бул чыр-чатактарды талдоо жана чечүү жаатындагы потенциалды баалоого, ошондой эле "кыргыз жараны" концепциясын жер - жерлерде комплекстүү ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөөгө мүмкүндүк берет", - деди Искендер Эшимбеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык саясат башкармалыгынын башчысы.
Катышуучулар "кыргыз жараны" программасынын негизги принциптери жана аны ишке ашыруу жаатында өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатып, чыр-чатактарды талдоо, алдын алуу жана чечүү жаатында теориялык жана практикалык ыкмалар менен тааныша алышты. Алынган билимдердин жана «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун мындан аркы аспектилеринин негизинде жыл ичинде потенциалды жогорулатуу боюнча дагы эки семинар өткөрүлөт, ага БУУнун тиешелүү эксперттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү да катышат.
ЕККУнун Программалык кеңсесинин "Кыргыз Республикасынын чыр-чатактарды алдын алуу жана абайлатуу жаатында иштеген мекемелерди колдоо" долбоору Президенттин администрациясы жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле Кыргызстандагы БУУнун тынчтык куруу фонду менен макулдашылып эл аралык кызматташтыктын куч-аракеттерин бириктирип, буткул өлкөдө коомдук биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт.