Терроризмди каржылоого каршы күрөшүүдө Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин дараметин күчөтүү боюнча ЕККУнун жана БУУ БКБнын биргелешкен аракеттери
Террористтик топтордун өз ишмердүүлүгүн каржылоодо пайдаланган терроризмди каржылоонун методтору жана ыкмалары улуттук, аймактык жана эл аралык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө олуттуу коркунуч алып келет.
Кыргызстанда терроризмди каржылоого (ТК) каршы аракеттенүүдө колдоо көрсөтүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен өнөктөштүктө ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Башкы прокуратуранын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 15тен ашык кызматкери үчүн 2022-жылдын 6-8-апрель аралыгында Бишкек шаарында ТК жолдорун иликтөө боюнча үч күндүк базалык окуу курсун өткөрдү.
Катышуучулар терроризмди жана аны каржылоо жолдорун табууда, иликтөөдө жана алдын алууда орун алган кемчиликтерди аныктоо, ошондой эле финансылык кылмыштарды иликтөө боюнча практикалык билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту. Мындай окуу курсу катышуучуларга кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүдө өз ишин өркүндөтүүгө жана макулдашылган ведомстволор аралык кызматташууну оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Бул курс БУУ БКБнын жана ЕККУнун биргелешип компетенттүү органдардын потенциалын чыңдоого жана ведомстволор аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган көп жылдык программасынын алкагында өткөрүлуп жатат.
Программа ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАG) сунуштарына ылайык, Финансылык аракеттер боюнча оперативдүү топтун (FATF) стандарттарына шайкештигин өз ара баалоо менен улуттук ТККК системасын чыңдоого багытталган.