Кыргызстандагы парламенттик шайлоолор үгүт иштеринин жандуу өтүшү жана шайлоолорду натыйжалуу башкаруу менен биргеликте добуштарды сатып алуу боюнча дооматтар менен коштолду деп билдирет эл аралык байкоочулар
БИШКЕК, 5-октябрь 2020-жыл – “Кыргызстандагы парламенттик шайлоолор негизинен жакшы өттү жана талапкерлер үгүт иштерин эркин жүргүзө алышты, бирок добуштарды сатып алуу боюнча айыптоолордун келип чыгышы олуттуу тынчсызданууну жаратууда” деп билдирди ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун (ДИАУБ) эл аралык байкоочулары.
"Шайлоолор өтө оор кырдаалда, ал эми үгүт иштери жандуу бирок , кээ бир учурларда чукул мүнөздө өткөндүгүн, көрө алдык" дейт ДИАУБдун шайлоолорго чектелген байкоо жүргүзүү миссиясынын жетекчиси Томас Бозеруп. “Теле берүүлөрдө сын - пикирлердин аз болгондугу бир аз өкүнүчтү жаратты, анткени шайлоо иштерин камтыган жаңылыктардын көпчүлүгүндө акы төлөнгөн маалымат гана чыгып жатты. Мындай көрүнүш, добуш берүүчүлөргө жеткиликтүү болгон маалыматтын сапатын жана ар түрдүүлүгүн кыскартты.”
Болуп өткөн парламенттик шайлоодо 3,5 миллионго жакын жаранга добуш берүү укугу берилди. Шайлоону уюштуруучулар өз ишин натыйжалуу жүргүзүп, ден-соолукка байланышкан комплекстүү чараларды көрдү. Ошол эле мезгилде, шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган бир катар чечимдердин жыйынтыгында келип чыккан карама-каршылыктар шайлоону уюштуруучулардын калыстыгына болгон ар түрдүү ой - пикирлердин жаралуусуна түрткү берди. Шайлоо күнү ирээттүү жана жалпысынан жакшы уюшкандыкта өттү, бирок, ошол эле учурда, COVID-19 пандемиясына байланыштуу медициналык протоколдор дайыма эле сактала берген жок. Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары добуш берүү аяктагандан кийин көп өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясынын веб-сайтына жарыяланып, ачык-айкындуулукту камсыз кылды.
Акыркы парламенттик шайлоолор өткөдөн кийин, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга бир топ жакшы өзгөртүүлөр киргизилди жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бирок, мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр жана толуктоолор кээ бир чектөөлөрдү алып салууга өбөлгө түзө алган жок. Өнөктүктү каржылоодо ачык-айкындуулуктун жетишсиздиги, жардам берүүнүн кээ бир түрлөрүнө коюлган чектөөлөр начар каржыланган партиялар үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратты.
Талапкерлер үгүт иштерин эркин жүргүзгөндүгүнө карабастан, кооптонууну жараткан бир катар кырдаалдар пайда болду, мисалы, талапкерлерди коркутуп-үркүтүү жана үгүт иштерине байланышкан иш-чараларды үзгүлтүккө учуратуу боюнча маалыматтар келип түштү. Коомдук маалымат каражаттары бардык атаандаштарга акысыз эфирдик убакыт бөлүп берди, бирок, үгүт иштерин чагылдыруу боюнча материалдарды көбүнчө атаандаштар өздөрү даярдагандыгы жана өз эсебинен төлөгөндүгү, журналисттик репортаждардын жетишсиздигине алып келип, талапкерлердин программаларын обьективдүү талдагандын ордуна, партиялардын жана талапкерлердин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп койду.
ДИАУБдун Кыргызстандагы Шайлоолорго чектелген байкоо жүргүзүү миссиясы 4-сентябрда өз ишин баштап, 15-октябрга чейин улантаарын маалымдады. Миссиянын негизги максаты болуп шайлоолорду өткөрүү ЕККУнун милдеттенмелерине жана башка демократиялык шайлоолор боюнча эл аралык стандарттарга, ошондой эле улуттук мыйзамдарга канчалык деңгээлде ылайык келээрине баа берүү эсептелинет.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
Катя Андруш, ДИАУБ: +48 609 522 266 же katya.andrusz@odihr.pl