ЕККУ/ДИАУБ Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчүлөрдүн миссиясын ачат
БИШКЕК, 25-август 2015-жыл – Бүгүн Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюросу (ДИАУБ) Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчүлөрдүн миссиясын ишин расмий түрүндө ачык деп билдирди. Миссия Кыргыз Республикасынын бийлик органдарынын чакыруусу менен келип жатат.
Элчи Борис Фрлетц башкарган миссия ар кайсы өлкөдөн келген 15 эксперттен турат жана алар Бишкекте отурукташышат. Ошондой эле бул миссия узак мөөнөткө иштөөчү 22 көзөмөлдөөчүдөн турат. Мындан сырткары, ДИАУБ мүчө өлкөлөрдөн кыска мөөнөттүк 350 көзөмөлдөөчүнү жиберүүнү сурады. Алар шайлоо күнү электоралдык процедураны жана добуштарды саноону көзөмөлдөшөт.
Миссия Кыргызстандагы шайлоо жараянына ЕККУ милдеттенмелерине жана демократиялык шайлоолордун башка эл аралык стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга далкелүүгүнө байкоо салат. Байкоочулар талапкерлердин жана байкоочулардын каттоосун, үгүт иштеринин жүргүзүлүшүн, шайлоо комиссияларынын жана мамлекттик структуралардын ишин мыйзамга ылайык экендигин, массмедианын иш чарасын кароо менен бирге, шайлоого тиешелүү талаш-тартыштарды чечүүгө көзөмөл жүргүзүшөт.
Миссиянын ишкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, саясат партиялар жана талапкерлер менен, ошондой эле жарандык коомдун активисттери, массмедиянын өкүлдөрү жана эл аралык коомунун өкүлдөрү менен жолугуушуларды өткөрүшөт.
Шайлоо күнү байкоочулар өлкөнүн бардык региондорунда шайлоо участокторунун ачылышын, добуш берүүнү, добуштарды саноо жана бардык деңгээлде шайлоонун жыйынтыгын иштеп чыгууну көзөмөлдөшөт. Шайлоо өткөрүлгөн күнү ЕККУ/ДИАУБ ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынан (ЕККУ ПА), жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынан (ЕКПА) келген байкоочулар делегациялары менен биргелешип аракет жүргүзүшөт.
Алдын ала чечим чыгаруу корутундусу шайлоо күнүнүн эртеси жарыяланат. Толук шайлоо процессин көзөмөлдөөчү финалдык отчетун эки ай өткөндөн соң чыгарат.
ДИАУБдун шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчү миссиясы жана ЕККУнун Бишкектеги борбору өз ишмердигин өз алдынча, көз карандысыз, мандаттарына карата алып барышат.
Кошумча маалымат үчүн //www.osce.org/odihr/elections/kyrgyzstan баракчасына кирүүңүздү же шалоого байкоо жүргүзүүчү миссиясынын басма сөз аналитиги Егор Тилпуновго төмөндөгү телефонго +996 (0)775 975607 чалуунузду суранабыз
ошондой эле
ДИАУБ Спикери,Томас Раймер мырзага төмөндөгу телефон + 48 609 522 266 (уюлдук телефон), же электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыздар thomas.rymer@odihr.pl