Айрым жакшы жактыры болгону менен, Кыргыз Республикасындагы президенттик шайлоо ЕККУнун негизки стандарттарына жооп берген эмес
БИШКЕК, 24-июль 2009-ж. - Айрым жакшы жактары болгону менен, Кыргызстандагы президентик шайлоо ЕККУнун негизги стандарттарына жооп берген эмес деп ЕККУ Шайлоо Байкоо Миссиясынын бүгүн чыккан алдын-ала билдирүүсүндө айтылган.
«Биз саясий плюрализм жана жигердүү жарандык коомду көргөнүбүзгө кубанычтуубуз, бирок жалпысынан бирдей эмес шартта оюн жүргүзүү кырдалда бийликтеги партия менен мамлекеттин ортосунда бөлүнүү аныкталбаган бойдон калган», деп айтты ЕККУнун кыска мөөнөтөгу байкочулардын атайын координатору жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын расмий топ башчысы Сенатор Консиглио Ди Нино.
«Өкүнүчтүүсу, бул шайлоо биз күткөн прогрессти көрсөтө алган жок жана дагы бир жолу ЕККУнун катышуучу мамлекети катары Кыргызстан аткарууга жоопкерчилигин алган ЕККУнун негизги стандарттарына жооп берген эмес. Шайлоо күнү көңүл чөктүргөн деңгээлде аткарылды. Биздин баа берүүбүз жана сунуштарыбыз конструктивдуу түрдө келечектеги шайлоолордун алып барылышына маанилүү өзгөрүүлөргө негиз болооруна ишенебиз», деп айтты ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюросунун (ДИАУБ) Шайлоолорго Байкоо Миссиясынын башчысы Радмила Шекеринска.
Шайлоочулар бир нече президенттик талапкерлердин арасынан тандаганга мүмкүнчүлүгү болду, ал эми жарандык коом шайлоо процессинде маанилүү ролду ойноду. Бирок байкоочулар административдик ресурстардын колдонулушу жана массалык маалымат каражаттардын үгүт иштерин бир тараптуу бериши менен башка талапкерлердин арасынан аракеттеги Президент адилетсиз артыкчылыкка ээ болгон деп да басым жасаган. Бул шайлоочуларга кабардар тандоо жасоого мүмкүнчүлүк берген эмес.
Байкоочулар оппозициянын үгүт иш-чараларынын өтүшүнө тоскоолдук жасалган жана оппозиция колдоочуларына кысым көрсөтүү жана коркутуу учурларын байкашкан. Байкалган кемчилдиктер ишенбөөчүлүккө салым кошкон жана коомчулуктун чыныгы демократиялык шайлоо өтөт деген ишеничин жоготууга алып келген.
Шайлоо күнү добуштарды көп санда салуу, шайлоочулар тизмесиндеги таксыздыктар жана кайталап добуш берүү сыяктуу көп көйгөйлөр жана бузулуулар менен өткөн. Добуш саноодо жана шайлоо жыйынтыктарды аныктоодо бул процесс мындан ары начарлаган. Байкоочулар бул процесстерге жарымынан көп учурда терс баа берген.
ЕККУ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы ЕККУ Демократиялык Институттары жана Адам Укуктары менен ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын биргелешкен аракети.
Кошумча маалымат тууралуу кайрылууга:
Йенс-Хаген Ехенбахер, ОБСЕ/ДИАУБ, уюлдук тел.: + 996 770 18 82 17 же + 48 603 683 122,
jens.eschenbaecher@odihr.pl
Андреас Бэйкер, ЕККУ Парламенттик Ассамблея, уюлдук тел.: + 996 770 18 82 10 же + 45 60 10 80 30,
andreas.baker@oscepa.dk